You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Киевге массалык сокку урулду: Ондон ашуун адам каза болду
Бейшембиге караган түнү орус аскерлери Киев шаарына жана облусуна ракеталар, дрондор менен массалык сокку урду. 12 адам набыт болду. Алардын жарымынан көбү Украинанын борборунун Соломенский районунда каза болду. Бул райондо сокку тогуз кабаттуу турак үйгө тийген. Киев шаарында 21-август, жума күнү аза күтүү күнү деп жарыяланды. Орусиянын Коргоо министрлиги "аскердик өнөр жай ишканаларына, транспорттук-логистикалык борборго жана кампаларга" биргелешкен сокку урулганын билдирди.
Массалык чабуул түн ортосуна чукул башталып, таң атканга чейин уланды.
Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун айтымында, соккудан Киевде 12 адам каза болду. Алардын бири алган жаракаттарынан улам ооруканада көз жумган. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 34 адам жабыркаган.
Кличко социалдык тармактагы баракчасында массалык чабуулдун кесепетинен Киевдин Святошинский, Соломенский жана Дарницкий райондорунда имараттар жабыркаганын жазды.
Анын айтымында, Киевдин Соломенский районунда соккудан тогуз кабаттуу турак үйдүн жогорку кабаттары талкаланып, өрт чыккан. Таңга жуук өрт өчүрүлгөн. Мындан тышкары, мектептин жана балдар клиникасынын имараттары да жабыркаган.
Киевдеги Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматына караганда, эки турак үйдө жана мектептин баш калкалоочу жайында адамдар камалып калган. Таңга жуук урандылардын алдынан эки адам чыгарылган.
Кличконун маалыматы боюнча, Соломенский районунда кеминде жети адам каза болгон. Дарницкий районунда да имараттар жана кампалар жабыркаган.
Түн жарымында Киевдин бир бөлүгү электр энергиясыз калган жана жарык таңга маал гана берилген.
Киев облусунун башчысы Тимур Ткаченконун маалыматына караганда, облуста бир адам каза болгон. Дагы бир адам жаракат алган. Борисполь районунда алты адам жабыркап, алардын төртөө ооруканага жаткырылган.
"Чабуулдун кесепетинен Борисполь районунда 14 жеке турак үй, төрт кампа имараты, май куюучу жай, көп кабаттуу үй жана сегиз унаа жабыркады",- деди ал.
Украинанын премьер-министри Сергей Корецкийдин айтымында, Борисполдо сокку азык-түлүк сакталган кампаларга жана "Кызыл чырымга" таандык объектилерге тийген.
"Тилекке каршы, Москва баллистикалык курал-жаракка жана жаңжалды күчөтүүгө каражат жумшап жаткан учурда, мындай соккуларга дүйнө коомчулугунун реакциясы дайыма эле талаптагыдай болбой жатат. Украинада ракетага каршы коргонуу каражаттары жетишсиз болуп турганда, Орусия тынчтык тууралуу олуттуу ойлонбойт",- деп комментарий берди чабуул боюнча Украинанын президенти Володимир Зеленский.
Орусиянын Коргоо министрлиги болсо Киев жана Киев облусундагы "аскердик өнөр жай ишканаларына, транспорттук-логистикалык борборго жана кампаларга" сокку урулганын билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, Киевде Fire Point ишканасы, "Укрспецсистемс" компаниясынын кампасы жана "Антонов" мамлекеттик ишканасынын объектилери бутага алынган. Орусиянын Коргоо министрлиги бул объектилерде дрондор менен ракеталардын компоненттери өндүрүлөт деп эсептейт.