Орусиянын аскердик бюджети: салык көбөйөт, баалар көтөрүлөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Сергей Кагермазов, Ольга Шамина
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга пландаштыруу мезгилине карата бюджеттин долбооруна ылайык, орус бийлиги узакка созулчу согушка даярданып жатат. Армияга жана күч түзүмдөрүнө кетчү чыгымдар кайрадан көбөйдү – бюджеттин дээрлик жарымы ушуларга кетмекчи. Ошондой эле үгүт иштерине жана интернетте цензурага көбүрөөк чыгым каралды. Бул акча элден чогултулат: кийинки жылы салыктар кайрадан көбөйөт, ал эми саламаттыкты сактоого, социалдык саясатка жана турак жай-коммуналдык чарбага кетчү чыгымдар кыскартылат. Бул бюджетти узакка созулчу согуштун бюджети катары гана эмес, ошону менен бирге экономикалык стагнациянын бюджети катары да мүнөздөсө болот.
"Алдыдагы үч жылда бюджеттин долбоорунун негизги артыкчылыктуу багыттары – мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин аткаруусу, өлкөнүн коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын финансылык жактан камсыз кылуу, ошондой эле атайын аскердик операциянын катышуучуларын жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо", - деди финансы министри Антон Силуанов.
Чынында эле, өкмөт согушка кетчү чыгымдарды – бюджетте "улуттук коргонуу" деп аталган беренени – 17 триллион рублга чейин көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бул быйылкы бюджетте каралган көрсөткүчтөн болжол менен 33 пайызга жогору.
Кийинки жылы аскердик чыгымдар жалпы чыгымдардын 35 пайызын түзөт. 2022-жылы коргонуу тармагына бюджеттин болгону 15% бөлүнгөн эле; ошол бюджет согушка чейин – 2021-жылдын күзүндө пландаштырылган болчу.
Өкмөт 2028-2029-жылдары коргонууга кетчү чыгымдарды олуттуу кыскартпай турган болду – ал баары бир 16 триллион рублдан жогору болот.
Коргонууга кеткен чыгымдардан тышкары, бийлик күч түзүмдөрүнө да (бюджетте "Улуттук коопсуздук жана тартип коргоо иштери" деген берене) көбүрөөк акча бөлдү: бул берене боюнча чыгымдар кийинки жылы 10 пайызга көбөйүп, 4,3 триллион рублди түзөт жана алдыдагы жылдары да өсө бермекчи.
Быйыл Орусиянын бийлиги интернетти жапырт түрдө өчүрө баштады, интернет бөгөттөлсө да иштей бере турган сайттардын "ак тизмелери" киргизилди жана интернетти бөгөттөөнүн жаңы ыкмалары колдонулуп жатат. Мындай саясат андан ары да улана тургандай: өкмөт жаңы бюджетте "Роскомнадзордун" карамагына кирген Радиожыштыктар боюнча башкы борбордун интернетти бөгөттөө системасы үчүн каралган субсидиянын көлөмүн 9 миллиард рублдан 19 миллиард рублга чейин көбөйттү.
Орусиянын бийлиги мындан ары да мамлекеттик медиа каражаттарын каржылоону улантууну көздөп жатат; жаңы бюджетте алар үчүн каралган дотациялар дээрлик өзгөрүүсүз калды. RT каналы 30 миллиард рублдан ашык, ал эми ВГТРК 25 миллиард рубль алат.
Согуштун куну
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кийинки жылы бюджеттик чыгашалар дээрлик 49 триллион рублга чейин көбөйөт; салыштыруу үчүн айта турган болсок, согушка чейин – 2021-жылдын күзүндө – өкмөт 2022-жылы 24 триллион рублдан аз каражат сарптоону пландаштырган болчу.
Өкмөттүн болжолдоолоруна караганда, келерки жылдагы бюджеттин тартыштыгы 5,5 триллион рублди түзөт — бул өтө көп. Бул көрсөткүчкө жеткен күндө да бийлик согушка тиешеси болбогон айрым бюджеттик чыгашаларды кыскартууга мажбур болду.
Силуанов бюджет боюнча баяндамасында бийлик коргонуу маселелери менен катар элдин алдындагы социалдык милдеттенмелерине да артыкчылык бергенин белгиледи. Бул милдеттенмелер "Социалдык саясат" беренесинде бекитилген – өкмөт кийинки жылы бул тармакка бөлүнгөн каражатты быйылкы бюджетке салыштырмалуу 6 пайызга кыскартууну пландаштырууда.
Бюджеттин бир катар беренелери боюнча каржылоо да кыскартылат, мисалы, жаңы төрөлгөн балага бөлүнчү ай сайынкы жөлөкпул жана энелик капитал боюнча төлөмдөр азаят. Бирок, эмгек министри Антон Котяковдун айтымында, 2027-жылы тун бала үчүн берилүүчү энелик капиталдын өлчөмү 778 500 рублга чейин көбөйсө, экинчи бала үчүн үй-бүлө бир миллион рублдан ашык алат. Каржылоо кыскартылып жаткан шартта бийлик буга кантип жетишүүнү көздөп жатканы азырынча белгисиз; балким, алар төрөттүн деңгээли мындан ары да азаят деп болжолдоп жаткан чыгар.
Жаңы бюджетте согушка же социалдык саясатка тикелей тиешеси болбогон башка чыгымдар да каралган. Өкмөт турак жай жана коммуналдык чарбага кетчү чыгымдарды 9 пайызга кыскартууну сунуштап жатат. Аймактарда узак убакыттан бери капиталдык ремонт иштери жүргүзүлбөгөндүктөн авариялык кырдаалдар көп жаралууда.
Өкмөт саламаттыкты сактоону каржылоону жана экономикалык колдоону 3 пайызга кыскартууну пландап жатат. Чыгымдардын айрым түрлөрү расмий кыскартылбаганы менен, аларды каржылоо инфляциянын деңгээлинен төмөн ыргак менен өсүүдө; демек, иш жүзүндө каржылоонун көлөмү да азаюуда. Буга, мисалы, билим берүү, маданият жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөлөрү кирет.
Өкмөт ошондой эле кийинки жылы Украинанын Орусия басып алган аймактарына көрсөтүлүүчү колдоону кыскартууну да пландаштырууда. "Донецк Элдик Республикасын, Луганск Элдик Республикасын, Запорожье облусун жана Херсон облусун калыбына келтирүү жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү" программасын каржылоону 1 пайызга кыскартуу сунушталды. Ошол эле маалда аннексияланган Крымга жумшалуучу каражат кийинки жылы 12 пайызга көбөйтүлөт.
Бийлик алдыдагы жылы жаштар үчүн патриоттук долбоорлорго бөлүнгөн каражатты да кыскартууну чечти. Аскерлештирилген "Юнармия" жаштар кыймылына бөлүнүп келген субсидиялар 7 пайызга, ал эми "Путиндин пионерлери" катары белгилүү "Биринчилер кыймылына" көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоо 21 пайызга кыскартылды.
"Эл чөнтөгүнөн чыгарат"
Чыгымдарды кыскарткан күндө да бюджеттин тартыштыгы алгылыктуу деңгээлге жете алган жок, натыйжада өкмөт кайрадан салыктарды көбөйтмөй болду. Согуш башталгандан бери салыктар ушуну менен үчүнчү жолу көтөрүлүп жатат.
2025-жылы Орусияда жеке жактардын киреше салыгынын прогрессивдүү шкаласы киргизилип, ага ылайык жогорку киреше тапкан адамдар көбүрөөк салык төлөөгө милдеттендирилген. 2026-жылы кошумча нарк салыгынын 22 пайыздык чени күчүнө кирип, чакан жана орто бизнес үчүн салык жеңилдиктери алып салынган. Мындай жагдай жыл башында баалардын кескин көтөрүлүшүнө жана компаниялардын банкрот болушуна алып келген.
Эми өкмөт төмөнкүлөрдү жасаганы жатат:
банктык депозиттер боюнча пайыздар сыяктуу "пассивдүү кирешеге" салыктын жогорку чегин 15 пайыздан 22 пайызга чейин көтөрөт;
тоо-кен жана металлургиялык компаниялардын "күтүүсүз кирешелерине" 30%, ал эми алтын казуучу компаниялардын кирешелерине 20% өлчөмүндө салык салынат. Финансы министрлиги мындай компаниялар 2026-жылы дүйнөлүк баалардын кескин өсүшүнүн эсебинен кошумча киреше табышканын баса белгилейт;
үлүштүк инвестициялык фонддордон түшкөн кирешеге 15% өлчөмүндө салык киргизилет – буга чейин мындай кирешеге салык салынчу эмес;
маркетплейстер аркылуу чет өлкөдөн товарларды сатып алууга 22% КНС белгиленет;
чет өлкөдөн келген, баасы 200 еврого чейинки товарлар үчүн ар бир почта жөнөтмөсүнө 100 рубль өлчөмүндө бажы алымы киргизилет.
Бийлик жыл сайын салыктар мындан ары көтөрүлбөйт деп убада берип келет. "Эми дайыма ушундай боло береби деген сурооңузду түшүнүп турам. Албетте, мындай болбойт. Түпкү максат – келечекте салык жүгүн азайтуу, өкмөт да дал ушул максатты көздөп иш алып барууда", - деп айткан эле Путин 2025-жылдын аягында кошумча нарк салыгын көтөрүү чечимине комментарий берип жатып.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2026-жылдын жазында финансы министри Антон Силуанов салыктар көтөрүлүшү мүмкүн деген кептерге мындай жооп кайтарган: "Бул – жалган маалыматтар, мындай сунуштар эч каралган жок. Салык системасына киргизилүүчү негизги өзгөртүүлөр кабыл алынып бүттү".
Жаңы салыктардан тышкары, казына буга чейин пландалган башка бир катар төлөмдөр менен да толукталат. 1-октябрдан тарта турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы көтөрүлдү. 2026-жылы "Орусиянын темир жолдорунун" тарифи көтөрүлгөндүктөн бул товарлардын баасынын өсүшүнө, ал эми автоунааны кайра иштетүү үчүн алынуучу жыйымдын жогорулашы автоунаалардын баасынын кымбатташына алып келмекчи. Ошондой эле 1-декабрда чет өлкөлүк электрондук жабдууларга жыйым күчүнө кирет.
Өкмөт ошондой эле Мамлекеттик Думага Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстин ондогон беренелери боюнча айыптарды көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Мисалы, "экстремисттик материалдарды" өндүрүү жана жайылтуу үчүн айып 1000–3000 рублдан 50 000–100 000 рублга чейин көтөрүлөт.
Мунай жардам бербейт
Айрым чыгашаларды кыскартып, салыктарды жогорулатканга карабастан, бийлик баары бир рыноктон карыз алууга аргасыз болот; антпесе, бюджеттеги таңсыктыкты жабуу үчүн каражат таба албайт. Украинадагы согуш башталып, алгачкы санкциялар киргизилгенден бери Орусия капитал берчү эл аралык рынокторго жете албай калды.
Бийлик ички рыноктон гана карыз ала алат, бирок бул жактагы инвесторлор Украинадагы согушту эске алып, акчаны жогорку пайыздык чен менен гана берүүгө даяр.
Согуш башталгандан бери бюджеттин тартыштыгы тынымсыз өсүүдө. Башында ал жарым-жартылай Улуттук бакубатчылык фондунун (УБФ) эсебинен каржыланып келген – бул фондго бюджетте каралган мунай баасынан ашкан кирешелер түшүп турат.
Бир караганда, Фонддо акча өтө көптөй сезилет – ал жакта 13 триллион рублдан ашык сумма бар. Бирок, бул каражаттын басымдуу бөлүгү ар кандай баалуу кагаздарга, эреже катары мамлекеттик колдоого муктаж болгон орусиялык компаниялардын баалуу кагаздарына салынгандыктан, аларды тез арада "чыгарып алуу" мүмкүн эмес.
Министрлер кабинети бюджеттин тартыштыгына карабастан, бөксөрө түшкөн Улуттук бакубатчылык фондун кайрадан толуктай баштоону көздөөдө. Өкмөт 2027-жылы бюджетте мунайдын баасын баррелине 50 долларга чейин төмөн көрсөтүп, ал эми андан ашкан кирешени фондго багыттоону сунуштады. Бийлик мунайдын баасы баррелине 73 долларды түзөт деп болжолдоодо.
"Фондду толуктоо максатында мунайдын баасын төмөндөтүү идеясы – акылга сыйбаган иш. Себеби, бюджеттин тартыштыгы ушунчалык чоң болуп турганда, резервдик фонд кантип толукталмак эле? Бул система бюджетте ашыкча каражат болгон, экономикалык өнүгүү мезгилинде түзүлгөн эле. Биз анда келечек үчүн акча топтоп жатканбыз, бирок азыркы учурда бул жөнүндө сөз да жок", - деди Барселонадагы Помпеу Фабра университетинин профессору Рубен Ениколопов.
АКШ менен Израил Иранга каршы согуш жүргүзүп жаткан шартта 2026-жылы мунайдын баасы жогору бойдон кала берди, бирок Орусия мындай кырдаалдан пайдаланып кете алган жок.
Өткөн жылы күзүндө АКШ Орусиянын эң ири мунай компанияларына – "Лукойлга" жана "Роснефтке" каршы санкцияларды киргизген. Би-Би-Синин эсептөөлөрүнө ылайык, натыйжада 2026-жылдын алгачкы сегиз айында мунайды жана газды сатуудан түшкөн салыктык кирешелер өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга аз болду.
Үч жылга эсептелген жарым жылдык бюджет
"Бюджет ар кандай сценарийлерге туруктуу", - деп ырастайт финансы министри Антон Силуанов.
Бул риторика жылдан жылга өзгөрбөй келет, бирок өкмөттүн божомолдору акыркы убакта ишке ашкан жок. 2025-жылы бийлик ИДПнын өсүшү 2,5% болот деп күткөн, бирок ал 1% болуп чыкты. 2026-жылы 1,3% болот деп күтүлгөн, бирок акыркы расмий божомол боюнча 0,6% гана болчудай.
Путиндин 2024-жылдагы жарлыгына ылайык, аткаминерлер экономикалык өсүштү 3 пайыздан жогору камсыз кылышы керек болчу, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору.
Буга кошумча дүйнөлүк экономика басаңдап, инфляция өсүүдө – мунун баары Орусиянын экономикасынын өсүшүнө бут тосууда. Экономист Евгений Надоршиндин баамында, кийинки жылы Орусияны рецессия, башкача айтканда, экономиканын кыскаруусу күтүүдө.
"Менимче, бул бюджет да кабыл алынгандай тартипте аткарылбайт. Өкмөт аскердик блоктун чыгымдарын кыскартуу үчүн эч кандай аракет көргөн жок", - деди Рубен Ениколопов.
Экономист Евгений Надоршин да бюджеттик көрсөткүчтөр өзгөрөт дегенге кошулат: "2027-жылга каралган бюджет ишке ашпачудай болууда. Ал пландалгандай аткарылат деп ойлобойм".
"2026-жылдагыдай эле, кийинки жылдын бюджети да элдин үшүн албай, Борбордук банктын акча-кредит саясаты боюнча күтүүлөрүнө мүмкүн болушунча шайкеш келе тургандай түзүлгөн", - деп болжолдойт Надоршин.
Экономист бюджет үч жылга пландаштырылганына карабастан, акыркы жылдары канчалык көп өзгөртүлгөнүн эске алганда, иш жүзүндө ал жарым жылдык бюджет катары гана иштеп жатканын белгилейт.
Орусиялыктар азыркыдай чыңалган кырдаалга дагы канча убакыт туруштук бере алат? Борбордук банктын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Олег Вьюгин экономика бир заматта кулабай турганын белгиледи: "Бул акырындык менен, билинбей ишке ашат... Адамдар кийим-кечени азыраак сатып ала башташат, арзаныраак азыктарды тандаганга өтүшөт... Бул болгону башка жашоо, бирок мындай жашоого чыдаса болот". (ZMa)






























