Украина армиясы FP-7 баллистикалык ракетасын биринчи жолу согушта колдонду

Украина армиясы FP-7 жаңы баллистикалык ракетасын биринчи жолу согушта колдонду.
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Украина армиясы FP-7 жаңы баллистикалык ракетасын биринчи жолу согушта колдонду. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

"Украиналык тактикалык баллистика. FP-7. Биринчи согуштук колдонуу. Натыйжасы үчүн рахмат. Эми - өндүрүш", — деп жазды Зеленский социалдык тармактарга.

Ракетаны украиналык Fire Point компаниясы иштеп чыккан.

Компаниянын маалыматына ылайык, FP-7 200 килограммга чейинки жүк көтөрүп, 250 чакырымга чейинки аралыктагы буталарды жок кылууга арналган.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, ракета жердеги платформага орнотулган системадан учурулат.

Fire Point FP-7 ракетасы Freyja программасынын алкагында баллистикалык тосмолоочу ракета катары иштелип жатканын билдирет. Толук интеграция аяктаганга чейин ал америкалык ATACMS ракетасына альтернатива катары каралууда.

Путин Калининградга байланыштуу "бардык куралдарды колдонуу" мүмкүнчүлүгүн айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия эч кимге кол салууну көздөбөй турганын, бирок НАТО тарабынан "агрессия" боло турган болсо, колундагы бардык куралдарды колдонорун эскертти.

"Эгер Орусия Федерациясына түздөн-түз кол салуу тууралуу сөз болсо, азыр Калининград айтылып жатат, албетте, күн тартибине Орусиянын карамагындагы бардык куралдарды колдонуу маселеси сөзсүз жана дароо чыгат... Ал кандай болорун биз чечебиз", — деди Путин "Валдай" дискуссиялык клубунун жыйынында.

Путин Орусияда азыр бар курал-жарактарга тең келе турган каражаттар башка өлкөлөрдө жок экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, бул Франция жана Улуу Британия сыяктуу Европанын өзөктүк державаларына салыштырмалуу Орусиянын артыкчылыгы.

Путин бул билдирүүсүн Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин НАТО Калининград облусун изоляциялоого аракет кылса, өзөктүк курал колдонууга даяр экени тууралуу кат билдирүүсүнө тууралуу сүйлөп жатып айтты.

Путин Орусия ТИМинин билдирүүсүн "коркутуу эмес, бизди коркутуу аракетине жооп" деп атады.

Киевдеги Түштүк көпүрөгө дрон кайрадан соккусу урулду

Орусиянын учкучсуз аппараты Киевдеги Түштүк көпүрөгө бир күндө экинчи жолу чабуул жасады. Бул тууралуу Киев шаарынын мэри Виталий Кличко билдирди.

Анын айтымында, дрон көпүрөнүн жол бөлүгүнө тийген. Окуя болгон жерге ыкчам кызматтар жөнөтүлгөн.

Буга чейин бийлик дрондор көпүрөнүн таяныч бөлүктөрүнө сокку урганын билдирген. Мындан улам метро жана жер үстүндөгү коомдук транспорттун кыймылы токтотулган.

Кийин Кличко дрондун соккусунан көпүрөнүн таянычы, тосмосу, жол катмары жана метронун коргоочу бетон тосмосу жабыркаганын билдирди.

Метро адистери темир жол тилкесин электр энергиясынан ажыратуу иштерин жүргүзүп жатат. Көпүрө аркылуу метро жана жер үстүндөгү коомдук транспорттун кыймылы токтотулду.

Киевде турак үйгө соккудан бир адам каза болду

Киевдин Дарницкий районундагы турак үйгө болгон соккудан бир адам каза болуп, дагы эки адам жабыркады. Бул тууралуу Киев шаардык аскердик администрациясы билдирди.

Буга чейин шаар бийлиги Дарницкий районундагы 25 кабаттуу турак үйгө сокку тийгенин билдирген.

Волгоградда дрон чабуулунан турак үйдө өрт чыгып, бир адам жабыркады

Волгоград облусунда украиналык дрондордун массалык чабуулунан кийин көп кабаттуу турак үйдө өрт чыкты. Бир адам жабыркады. Бул тууралуу облустун губернатору Андрей Бочаров билдирди.

Анын айтымында, чабуул өнөр жай инфраструктурасына багытталган.

Волгоград шаарынын Красноармейский районундагы Удмуртская көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдө өрт чыккан. Жабыркаган бир адам ооруканага жеткирилген.

Губернатордун маалыматына караганда, өрт чектөөгө алынган, анын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Бочаров чабуулдан кайсы өнөр жай объектиси жабыркаганын тактаган жок.

Өрт чыккан турак үй жайгашкан райондо "Лукойл-Волгограднефтепереработка" мунай иштетүүчү заводу бар. Ал аймактагы ири мунай иштетүүчү заводдордун бири. Июль айынын аягында бул ишканага да украиналык дрондор чабуул жасаган болчу.