ИИМ журналист Асел Шамиева күбө катары суралганын айтты

Social
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

MediaHub порталынын журналисти Асел Шамиева күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, учурда арыз боюнча териштирүү жүрүп жатат. Тергөөчү кылмыштын белгилери бар же жок экенин мыйзам чегинде аныктайт.

"Учурда күбө катары суралды. Тергөөчү бардык тараптарды сурап бүткөндөн кийин кылмыштын курамы бар болсо иш козгойт. Эгер андай белгилер аныкталбаса, иш козгоодон баш тартат",- деди Макилов.

Асел Шамиева жана анын жактоочусу эмне дейт?

Бир күн мурун MediaHub кабарчысы Асел Шамиева жактоочусу менен бирге видео кайрылуу жасап, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында сурак берип чыкканын билдирген.

Адвокаты Бакыт Автандилдин айтымында, Шамиеванын сурагы үч саатка жакын созулган.

"Биз жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамга ылайык, адам укуктары бузулган жагдайларды журналисттер жарыялоого укуктуу экенин түшүндүрүп бердик. Учурда тергөө жүрүп жатыптыр, дагы бир канча адам суралат экен",- деген ал.

Шамиева арыздын жазылышын абсурд деп атап, ички иштер министри Улан Ниязбековдон ишти жеке көзөмөлүнө алууну өтүнгөн.

"Ал жөнөкөй жаран эмес, милициянын жетекчилик кызматында иштеген киши. Анын жубайы бизге өзү байланышкан. Арызым каралбай жатат дегенден көйгөйүн коомчулукка алып чыкканбыз. Улан Ниязбеков мырза, сизге кайрылам. Бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алышыңызды суранабыз. Себеби келиндин арызы боюнча тергөө кандай жүрүп жатканы дагы деле белгисиз. Бул ишти аягына чыгарууну суранабыз. Милиция зомбулукту иликтеген журналистти минтип суракка чакырбаш керек",- деген Шамиева.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы арыз тууралуу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы 2026-жылдын 9-октябрында "MediaHub" платформасында К.У. аттуу жаранга байланыштуу видеоматериал жарыяланганына байланыштуу арыз түшкөнүн билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, арыз ээси видеоматериалда анын аброюна шек келтирген маалыматтар, жеке кат алышуулары жана интимдик мүнөздөгү сүрөттөрү анын макулдугусуз жарыяланганын айтып даттанган.

"Жаран К.У. өз арызында аталган материалдар анын мурдагы жубайы А.А. тарабынан аны дискредитациялоо максатында берилген болушу мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле окуяга тиешеси бар адамдардын, анын ичинде "MediaHub" редакциясынын жооптуу кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүүнү өтүнгөн. Учурда арыз белгиленген тартипте катталып, анда көрсөтүлгөн жагдайларды текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мыйзамдарына ылайык тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат",- деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

MediaHub редакциясы

Өз кезегинде MediaHub редакциясы журналисттин үстүнөн арызды Тоң райондук милициясынын жетекчисинин кызматтан алынган орун басары жазганын маалымдаган.

Порталдын маалыматына ылайык, 7-октябрда MediaHub "Милиция күйөөм үч жыл кордоду" деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. Анда анын жубайы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын, күйөөсү кол алдында иштегендерге ыдык көрсөткөнүн айтып берген.

Материал жарыялангандан кийин аталган милиция кызматкери өз арызынын негизинде кызматтан кеткенин кошумчалаган.