Жапаров төрт райондун акимин жана эки шаардын мэрин кызматтан алды

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын төрт районунун акими жана эки шаардын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, Чүй облусунун Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидов, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу жана Нарын облусунун Кочкор районунун акими Баялы Досалиев кызматынан алынды.
Мындан тышкары, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана Чүй облусундагы Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев да кызматтан бошотулду.
23-ноябрда, Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аймактарда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган республикалык кеңешме өткөн.
Жыйында экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшү боюнча отчет, ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилеринин калк менен жолугушуулардын жыйынтыгы тууралуу маалыматы угулган.
Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, айрым райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары каралган.
Анын жыйынтыгында айрым аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде, жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жана кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугун камсыз кылууда кемчиликтер аныкталган.
Ошого байланыштуу айрым жетекчилерге тартиптик чара көрүү, бир катар акимдерди жана мэрлерди кызматтан алуу президентке сунушталган.




























