"Мадина" базарындагы өрт: мэр окуя болгон жерге барып, соодагерлер менен жолукту

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкектеги "Мадина" базарында чыккан өрттөн кийин соодагерлер кырсыктын келип чыгуу себебин тыкыр жана ачык иликтөөнү талап кылууда. Алар өрттөн товарлары жана соода жайлары жабыркаган ишкерлердин абалына көңүл бурууга чакырышууда.

Жергиликтүү соодагер Айнуска Карыбек кызынын айтымында, өрт базардын уйгур соодагерлери соода кылган бөлүгүнө тийип, материалдар, төшөк-жууркан жана башка товарлар сатылган жайлар күйгөн.

"Мен терезе парда тигип иштейм бул базарда. Менин контейнериме өрт жетпептир. Бирок уйгурлар соода кылган тарап өрттөнүп кетти. Материалдар, төшөк-жууркандар сатылган жер. Мен эртең менен төрт саат базарга кире албай, сырттан видео тартып турдум", - деди ал Би-Би-Сиге.

Соодагер өрттүн чыгышына байланыштуу жагдайларды коомчулукка ачык түшүндүрүү зарыл экенин белгиледи.

"Бизди үч күнгө эс алууга таратып, базарды жаап коюшкан эле… Артынан мындай окуя болуп жатканы эмнеси? Муну кандай түшүнсөк болот? "Мадина" базарында миңдеген адамдардын эмгеги, каражаты жана үй-бүлөсүнүн ырыскысы бар. Ар бир контейнердин артында канчалаган жылдык мээнет, үмүт жана тагдыр турат", - деди Айнуска Карыбек кызы.

Анын айтымында, өрттөн бизнесинен жана товарларынан ажыраган соодагерлер азыр эмне кыларын билбей турган абалда.

"Азырынча эч кимди күнөөлөбөйбүз, бирок бул окуя боюнча көп суроолор жаралууда. Өрттүн чыгуу себеби жашырылбай, так жана ачык иликтенишин талап кылабыз", - деди соодагер.

Мэр окуя болгон жерге барды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өрт чыккан жерге барып, соодагерлер менен жолукту.

Жолугушуу маалында соодагерлер өрттөн жабыркаган товарларын жана буюмдарын базардын ичинен чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурашты. Мэр болсо өрт толук коопсуз деп табыла электе базардын ичине кирүү кооптуу экенин билдирди.

Жунушалиев ошондой эле өрттүн алдын ала себеби боюнча маалымат берип, кырсык электр зымдарындагы кыска туташуудан болушу мүмкүн экенин айтты.

Мэр жабыркаган соодагерлердин маселеси караларын жана алар жардамсыз калбай турганын билдирди.

""Мадина" базарындагы өрт боюнча өлкө жетекчилигинин кабары бар, жабыр тарткандар жардамсыз калбайт! Маалыматты түз алып атат. Өчүрөбүз. Биз мурда айттык эле ушундай кооптулук бар деп. Гидранттар бул жактагы толук иштеген жок, суу бере алган жрк. Мэрия "Тазалык", "Жашыл чарбанын" машинелери азыр бул жакка тартылды", -деди мэр.

Учурда өрттөн канча соода жайы жабыркаганы жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү тууралуу расмий маалымат такталууда.

Соңку маалымат:

Бишкектеги "Мадина" базарындагы өрт саат 14:23тө чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Өрт өчүрүү учурунда эки куткаруучу жеңил жараат алды. Алардын абалы туруктуу экени кабарланды. Өрттүн аянты болжол менен миң чарчы метрден ашык аянтты түздү.