You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мээдеги шишикти жасалма интеллекттин жардамы менен алып салган биринчи операция жасалды
Дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын мээсиндеги шишик жасалма интеллекттин жардамы менен ийгиликтүү алынды.
Бедфордширде жашаган эки баланын атасы Рис Хибберт бул операциясыз көрбөй калышы мүмкүн эле, деп билдирди Лондон университетинин колледжинин ооруканасынын хирургдары.
Операция учурунда жасалма интеллект системасы видеону реалдуу убакытта талдап, хирургдарга мээдеги маанилүү, бирок көзгө көрүнбөгөн кан тамырлар менен нервдерге зыян келтирбей иштөөгө жардам берген. Натыйжада дарыгерлер шишиктин мүмкүн болушунча чоң бөлүгүн ийгиликтүү алып салышкан.
"Бейтаптын коопсуздугу жагынан бул технологиянын артыкчылыктарын ачык эле көрүп турам. Биздин башыбыздын ичинде жол көрсөтүүчү белгилер жок",- деди Хибберт.
Кардарларды тейлөө боюнча менеджер болуп иштеген 48 жаштагы Рис Хибберттин мындан 18 ай мурун дени сак болчу. Ал күн сайын түшкү тыныгуу учурунда болжол менен эки чакырым жөө басчу. Ошондой сейилдөөлөрдүн биринде ал жолдо эс-учун жоготуп, тырышып калган.
Мээсин текшерткенде гипофизинде көлөмү 11 миллиметр болгон залалсыз шишик өсүп жатканы аныкталган. Гипофиз- баш сөөгүнүн түбүндө жайгашкан, кичинекей без.
Бул без адамдын өсүшүнө, зат алмашуусуна, кан басымын жана дене табын жөнгө салууга катышкан маанилүү гормондорду иштеп чыгарат.
Эң маанилүүсү, гипофиз мээни кан менен камсыз кылган негизги кан тамырларга, уйку артерияларына жана көрүү үчүн жооп берген нерв системаларына өтө жакын жайгашкан.
Мээдеги шишик көздүн нервине басым жасай баштаганда, анын көрүүсү начарлай баштаган.
Катуу чарчоо жана баш айлануу
Хиббертке тезинен операция жасоонун кажети жок болсо да, ал катуу чарчоо жана баш айлануудан жапа чеге баштаган.
"Үй-бүлө курганыма18 жыл болду. Ушул убакыттын ичинде мен дайыма эртең менен аялымa кофе даярдап келчүмүн. Бул шишиктин буга тоскоол болушуна жол бергим келген жок",- деди Хибберт.
Анын айтымында, оору ага эмоционалдык жана психологиялык жактан көбүрөөк таасир эткен.
"Көп адамдар мага жардам берүүнү сунушташканы менен эч ким айланасындагыларга жүк болгусу келбейт",- деди ал.
Хирургдар Хиббертке жасалма интеллектке негизделип, иштелип чыккан куралды колдонуп операция жасоону сунуштаганда, ойлонбостон макул болгон.
"Эгер бейтаптар изилдөөлөргө катышууга даяр болбосо, дарыгерлер кантип үйрөнүшөт жана медицина кантип өнүгөт?"- деп түшүндүрдү ал өз чечимин.
Операция учурунда мурун аркылуу баш сөөгүнө эндоскоп камерасы бар ичке медициналык аспап киргизилген.
Шишикти кайсы жерден коопсуз алып салууга болорун аныктоо оңой болгон эмес. Себеби ар бир адамдын мээси жана кан тамырлары менен нервдеринин жайгашуусу ар башка.
Шишикти толугу менен алып сала албай калуу коркунучу 25-50 пайызды түзгөн. Операция учурунда ири кан тамырга зыян келтирүү коркунучу 0,5-2 пайыз болгон. Дал ушул учурда дарыгерлерге жасалма интеллект жардам берген.
"Хирургиялык ChatGPT"
Экинчи экранда система операция учурундагы видеону реалдуу убакытта талдаган. Ал хирургиялык аспаптардын кыймылын байкап, кан тамырлар жана нервдер болушу мүмкүн болгон жерлерди белгилеп турган. Ошондой эле шишикти кайсы жерлерден алып салса коопсуз болорун көрсөткөн.
Бул технология смартфондордогу жүздү таануу системасына окшош. Бирок ал адамдардын жүзүн эмес, маанилүү жана көп учурда көзгө көрүнбөгөн анатомиялык түзүлүштөрдү тааныйт.
Британиялык хирург жылына мындай операциянын орто эсеп менен 10-20сын жасайт. Алар операцияга чейин тартылган медициналык сүрөттөргө таянып, конкреттүү бейтаптын анатомиясын алдын ала изилдешет.
Изилдөөчүлөр өздөрүнүн жасалма интеллект системасын гипофиздеги шишиктерди алып салуу боюнча жүздөгөн операциялардын видеолору аркылуу үйрөтүп, сынашкан. Ар бир видеодо кан тамырлар менен нервдерди кылдат белгилеп чыгышкан. Ошентип, система маанилүү түзүлүштөрдү таанып үйрөнгөн.
"Ал көпчүлүк хирургдар өзүнүн бүтүндөй карьерасында көрүп же жасай турган операциялардан да көп сандагы операциялардын негизинде үйрөтүлгөн. Ошондуктан ал тажрыйбалуу адистин экинчи көзү сыяктуу иштей алат",- деди операцияга катышкан профессор Хани Маркус.
Анын айтымында, башка эксперименталдык жасалма интеллектке негизделген куралдардан айырмаланып, бул система реалдуу убакытта иштейт.
Изилдөөчүлөр бул курал дарыгерлерге гана жардам берерин, ал эми операцияны толугу менен көзөмөлдөө хирургдардын колунда экенин айтышат.
"Келечекте изилдөөчүлөр хирургдар үчүн "ChatGPT" сыяктуу система түзүүнү каалашат. Башкача айтканда, операция учурунда хирург кааласа кеңеш ала турган дагы бир "эксперт" болот. Бирок хирург анын сунушун кабыл албай коюуга да укуктуу",- деди профессор Маркус.