You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Журналисттер Ибраим Нуракун уулу менен Бактыгүл Чыныбаева ИИМге арыз менен кайрылды
Журналист жубайлар Ибраим Нуракун уулу жана Бактыгүл Чыныбаева Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Бактыгүл Чыныбаева өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. Анда 26-августта Фейсбуктагы "Ачык Майдан", Ютубдагы "Саясат KG" баракчаларына алардын үй-бүлөсүн каралап чыгарган видео тууралуу айтылат.
"Видеодо биздин чет өлкөлөргө шпиондук кылып, чоң өлчөмдө акча каражат алып жүргөнүбүз, Кыргызстанга чыккынчылык кылганыбыз айтылат жана балдарыбыздын сүрөттөрү, алардын окуган жерлерине чейин жалган маалыматтар камтылган. 5 мүнөттөн ашык бул видеону ушул тапта айрым мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде Коомдук телеканалдын журналисттери баш болуп байма-бай социалдык түйүндөргө таркатып, бизге эле эмес, майыптуулугу бар уулубуздун аброюна да шек келтирген комментарийлерди жазышууда. Бул видеону таркаткан социалдык баракчаларга жана аны коомчулукка жайылтып, бизге карата каралоолорду таркатууга көмөк түзгөн мамлекеттик кызматкерлерге мыйзам чегинде чара көрүүсүн суранабыз",- деп жазылган арызда.
Бактыгүл Чыныбаева жолдошу экөөнүн журналисттик, коомдук ишмердүүлүгү ар дайым ачык болуп келгенин, эч кандай чет өлкөнүн чалгын агенттиктери менен кызматташпаганын, чоң каражат албаганын жазган.
"Муну биздин жыл сайын тапшырган салык декларациябыздан деле текшерип таба аласыздар. Мыйзам чегинде териштирүү жүрүп, жалган маалымат таркаткан баракчаларга жана жарандарга чара көрүүңүздөрдү өтүнөбүз",- деген ал.
26-августта социалдык тармактарда Би-Би-Си Кыргыз кызматынын мурдагы журналистти Ибраим Нуракун уулу тууралуу беш мүнөттүк видео тараган. Анда журналист сөз эркиндиги жана журналистиканын артына жамынып, "сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөп келгени" айтылган.
Видеодо Нуракун уулунун журналисттик ишмердигине байланыштуу өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү көрсөтүлүп, анын "Британиянын чалгын кызматында иштеп жатканы" жана "жергиликтүү журналисттерди азгырууга аракет кылганы" айтылган.
Нуракун уулу өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата мындай басым-кысымдар аны коркута да, мокото да албасын билдирди. Ошондой эле Нуракун уулу жалган маалымат тараткандарга карата мыйзам иштейби деген маселени көтөрдү.
"Не дейлик эми. Жанагы жалган жалаа деген мыйзам иштеп жаткан болсо, урматтуу президентибизден суранайлык, эгер фейк фабриканы тааныса кой деп койсун, тааныбаса, милицияга айтып, кур дегенде кечирим суратып койсун. Биз Бакиевдин заманына кайра кайтып келген жокпуз, биз дагы деле эркин элбиз, дегенге ишенгим келет. Ал эми мындай басым-кысымдар бизди коркута да, мокото да албайт. Кайра курчутат. Касым Тыныстанов, Төрөкүл Айтматов сыяктуу аталарыбыз деле илгери мындан жаман репрессия жылдары "пантүркизм", "англиянын агенти" деген жалган жалаалар менен атылып кеткен",- деп жазды ал.
Бул видео коомдо, айрыкча медиа чөйрөсүндө кызуу талкуу жаратты. Социалдык тармактарда бир катар журналисттер жана коомдук активисттер видеону сынга алып, анда Ибраим Нуракун уулу жана анын үй-бүлөсү тууралуу айтылгандарды пастык катары баалашууда.
"Ибраим сен мыкты АДАМСЫҢ. Эмгекти сүйгөндүгүңдү, бир ишти көздөсөң ошонун майын чыгара тытынган мээнеткечтигиңди, ар маселеде калыстыкты карманган сапатыңды, эң негизгиси, жупунулугуңду баалайм. Үйрөтүлгөн "фабричный иттер" сага карай агытылыптыр байкасам. Мен билем, сен ал бечаралардын абалын туура түшүнөсүң, кечиресиң. Адатыңча ар кыл гүлдөрдүн сүрөтүн тартып "сизге кайсы номурдагы гүл жагат?"деп суроо салып ошол ит-питтерге карай жумшак узатып кой ээ?.. Эми алар да оокатын кылып, тиричилигин өткөрүп атат да... Кыскасы, деги бир кенебе",- деди журналист Эрнис Кыяз.
"Социалдык тармактарда акыркы эки күндөн бери Ибраим байкенин, анын үй-бүлөсүнүн дарегине арналган атайын каралоо, жалган жабуу иштери жүрүп жатат. Ибраим байке, Бактыгүл эле эже мага жакын адамдардан болгондуктан алар тууралуу айтылгандарга ишенбегиле, баары калп. Туура эмес маалымат таратып, жалган комментарий жазып койгонубуз үчүн кийин Жараткандын алдына барганда ал өзүбүзгө каршы иштеп, өзүбүзгө каршы колдонулуп калбасын. Эртели кеч ушундай иштер үчүн да жооп беребиз. Ибраим байке, Бактыгүл эже өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер, билинбегени менен алардан да үйрөнө турган нерселерибиз көп. Ийгиликтер коштосун",- деп жазды Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул өзүнүн "Фейсбук" баракчасына.
Ибраим Нуракун уулу көп жыл Би-Би-Си Кыргыз кызматында башкы кабарчы, редактор болуп иштеген. Кийин Жогорку Кеңештин маалымат кызматын бир нече жыл жетектеп, Жогорку Соттун төрагасынын кеңешчиси болгон. 2023-жылы Акыйкатчынын кеңешчиси болуп дайындалган.
Нуракун уулу ошондой эле "Борбор Азия медиа фондун" негиздеп, журналисттердин кесиптик өнүгүүсүнө багытталган тил үйрөнүү курстарын өткөрүп келген.
Соңку жылдары Нуракун уулу үй-бүлөсү менен АКШда жашап, социалдык тармактарда журналистика, сөз эркиндиги жана өлкөдөгү коомдук-саясий маселелер боюнча өз пикирин билдирип келет.