You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Си Цзиньпинди жубайы Пэн Лиюань менен "Манас" эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилди. Тосуп алуу аземинде кыргыздын улуттук кийимин кийген кыздар Кытайдын төрагасына жана анын жубайына боорсок менен бал тартуулашты.
Конокторду комузчулар, бийчилер жана "Салбуурун" салттуу маданиятынын өкүлдөрү тосуп алышты. Аземде кыргыз элинин баатырдык тарыхын жана кайраттуулугун чагылдырган "Алп баатырлар" композициясы да аткарылды.
Тосуп алуу иш-чарасы аэропорттун VIP залында уланды. Бул жерде балдар хору жана жаш өнөрпоздор өз чыгармаларын тартуулашты. Эки элдин достугун символдоштуруп, балдар кыргыз жана кытай тилдеринде музыкалык чыгарма аткарышты.
Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында өтүп жатат. Бишкекте ШКУнун мамлекет башчыларынын жыйыны 1-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтөт.
Кытайдын China Daily басылмасынын маалыматына караганда, бул Си Цзиньпиндин Кыргызстанга үчүнчү сапары. Ал буга чейин 2013 жана 2019-жылдары Кыргызстанда болгон. Си Цзиньпин өзү да сапарынын алдында жарыяланган макаласында "бул кооз жерге үчүнчү жолу келатканын" жазган.