"Бомбалап салабыз". Трамп Иран менен сүйлөшүүгө "тоскоолдук кылса", Оманга сокку урарын айтып коркутту

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ президенти Дональд Трамп Оман бийлиги Вашингтондун Иран менен сүйлөшүүлөрүнө тоскоолдук кылса, бул өлкөгө сокку урарын айтып коркутту. Fox News телеканалынын журналисти Трей Йингст Трамптан "Иран менен Оман ортосунда Ормуз кысыгын көзөмөлдөө боюнча жүрүп жаткан параллелдүү сүйлөшүүлөр" тууралуу сураганын билдирди.
Йингсттин айтымында, Трамп: "Эгер алар тоскоолдук кылышса, түк калтырбай бомбалап салабыз", - деп жооп берген. (АКШ президентинин түп нускадагы сөзүндө мындан да орой сөз айкашы - we'll bomb the shit out of them - колдонулган).
Оман АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалда өзүн бейтарап тарап деп атап келет. Согуштун активдүү фазасында бул өлкө Ирандын соккуларына бир нече жолу кабылган.
Ошол эле учурда Оман бир нече жумадан бери Тегеран менен эки өлкөнү бөлүп турган Ормуз кысыгын ачуу боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.
Августтун башында тараптар мунасага жакындаганынын алгачкы белгилери пайда болгон. Иран дипломаттары Тегеран кемелер кысык аркылуу өтүшү керек болгон жаңы жолдун географиялык координаттарын макулдашканын билдиришкен. Бирок кийин Financial Times басылмасына сүйлөшүүлөрдөн кабардар булактар Иран алдын ала макулдашуунун шарттарын өзгөртүүнү талап кылганын билдиришкен.
Ошого карабастан, Би-Би-Синин америкалык өнөктөшү CBS News маалымдагандай, дүйшөмбүдө Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Тегеранда журналисттерге "транзиттик каттамдын картасы боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилгенин" билдирген.
Ошол эле учурда Иран Тегеран менен Маскаттын ортосунда мүмкүн болгон келишим түзүлүшү Ормуз кысыгы сөзсүз ачылат дегенди билдирбей турганын айтып келет. Анткени бул үчүн АКШ бир нече шартты аткарышы керек. Анын ичинде иран бийлиги согуш маалында келтирилген зыян үчүн компенсация төлөөнү жана Вашингтон тарабынан киргизилген деңиз блокадасын алып салууну талап кылууда.
Reuters агенттиги ирандык чиновниктерге таянып билдиргендей, Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн жүк үчүн анын наркынын 5%дан 7%га чейинки өлчөмүндө төлөм алууну да талап кылууну каалайт.
Трамп буга чейин да Оманды коркуткан. Май айында ал бул өлкө "башкалардын баары сыяктуу өзүн алып жүрүшү керек, болбосо биз аларды жардырууга аргасыз болобуз" деп айткан.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мөөнөтү аяктайт
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошол эле учурда дүйшөмбүдө 17-июнда түзүлгөн жана 60 күнгө эсептелген Иран менен АКШнын өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумунун мөөнөтү аяктайт.
Дүйшөмбүдө Би-Би-Си Ак үйдүн Овал кабинетинде журналисттер менен сүйлөшүп жаткан Трамптан меморандумдун мөөнөтүн узартууну көздөп-көздөбөгөнүн сураган. АКШ президенти кыска гана: "Жок", - деп жооп берген.
Документте согуштук аракеттерди токтотуу, Иранга каршы деңиз блокадасын алып салуу жана дүйнөлүк соода үчүн маанилүү болгон Ормуз кысыгын ачуу каралган. Согушка чейин бул кысык аркылуу дүйнөдөгү мунай жана суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20% өткөн.
Бирок АКШ менен Ирандын ок атышууну токтотуу келишими бир нече жолу бузулуп, тараптар бири-бирине сокку урууну улантты. Учурда кысык дагы эле жабык бойдон калууда. Бул дүйнөлүк мунай баасынын салыштырмалуу жогору деңгээлде сакталышына себеп болуп жатат. Дүйшөмбүдө мунайдын баасы баррелине болжол менен 89 долларды түздү.
Трамп ошол эле Fox News журналисти Трей Йингстке берген маегинде АКШ Иран бийлигиндеги эң таасирдүү түзүм - Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен түз байланыш түзгөнүн да билдирген.
Кийин Корпустун өкүлдөрү бул сөздөрдү калп деп аташты. "Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аткаминерлери менен америкалыктардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөн жок. Трамптын бул калпы - анын бул согуштагы жеңилүүсүнөн жана үмүтсүздүгүнөн улам пайда болгон кыялдары, галлюцинациялары жана жаман түштөрү гана", - деген корпустун өкүлү Tasnim агенттигине.
Ошол эле учурда Трамп Трей Йингстке Иран менен келишим түзүүгө шашылышы үчүн эч кандай себеп жок экенин айткан. Fox News журналисти анын сөзүн: "Алар покерди жакшы ойношот, бирок кырылып жатышат. Менде эч кандай мөөнөт жок. Мен эч жакка шашпайм", - деп келтирди.
Дүйшөмбүдө АКШ президенти өзүнүн Truth Social социалдык тармагына билдирүү жарыялап, анда: "Биринчи максат - жана ал дайыма ошондой бойдон калат - Ирандын эч кандай формада өзөктүк куралга ээ болбошу", - деп жазды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
































