"Мындай болуп кетет деп ойлогон эмесин": "75 кишинин каты" боюнча иш

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкек шаардык сотунда "75 кишинин катына" байланыштуу кылмыш иши боюнча сот отуруму уланды. Бирок айыпталуучулардын бири Бекболот Талгарбеков жүйөлүү себептерден улам сот отурумуна келбей калганы айтылып, териштирүү жылдырылды.

"Сот Талгарбековдун келбей калагына байланыштуу 27-августта улана турган болду",- деди Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун адвокаты Латыпбек Нуралимов.

Адвокаттар буга чейин катка кол койгон саналуу гана адамдар күбө катары суралганын айткан. Алар башка да кол койгондорду сотко күбө катары чакырып, көрсөтмө берүүсүн камсыз кылуу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Бүгүнкү отурумга дал ошол адамдар күбө катары чакырылган.

"Мен катка кол койгон эмесмин. Эч нерсени билбейм. Эмне үчүн чакырышты билбейм",- деди күбөлөрдүн бири.

"Мага катты Аалы Карашев алып келген. Катта коркунучтуу деле эч нерсе жок болчу. Кайра шайлоо деп гана жазылган экен. Ошого гана кол коюп бердим. Унаанын ичинен алып келип беришти. Толук деле окуган жокмун",- деди дагы бир күбө Ажыбек Касмалиев.

"Бекболот Талгарбеков ушундай кат бар эле деп алып келди. Окудум, президенттин өзүнө жазылыптыр. Кол коюп бердим",- деди катка кол койгондордун бири Кадаңбай Бактыгулов.

Айрым айыпталуучулар шаардык соттон акталабыз деп үмүттөнүп жатканын билдиришти. Бул иш боюнча алар айыбы жок экенин айтып келишет.

"Мен сот адилеттиги бар экенине ишенгим келип турат. Ошол Биринчи май райондук сотунун чечимине нааразы болгондугубуз үчүн шаардык сотко кайрылдык. Бардык кылмыш иштери боюнча тергөө учурунда да өз көз карашымды айткам. Он алты томду он алты күн же он алты ай окуса да, мага бир дагы илинчек таппайт. Себеби мага карата бир дагы кылмыштын курамы жок деп толук ишенимдүү айта алам. Ошон үчүн сот оң чечим чыгарат деген ишенимим чоң",- деди айыпталуучу Курман Асанов.

"Эч нерсеге катышкан эмесмин. Чогулушка барган эмесмин. Кол топтогон эмесмин. Жөн гана кол койгон үчүн жоопко тартылып жатам. Эмне үчүн ушундай кош стандарттуулук болуп жатат?",- деди мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту "75чилердин каты" деп белгилүү болгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарган. Сот сегиз айыпталуучуну "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алардын мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыраткан. Бирок сот үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуп, айыпталуучуларды эркиндикте калтырган. "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан. Учурда иш прокуратуранын жана айрым айыпталуучулардын апелляциялык арыздарынын негизинде Бишкек шаардык сотунда каралууда. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.