You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Бөлүштүрүп, тынчтыкка чакырдым". Таластын жетекчиси "Манас-Ордодо" болгон жаңжалды ырастады
Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев "Манас-Ордодогу" жетекчилер менен курулушчулар аралашты делген мушташ боюнча маалымат берди. Буга байланыштуу ал 23-августта кечкурун Фейсбук баракчасына видео жарыялады.
Ал видеодо Эрмат Жумаев менен "Манас-Ордодо" курулуш жүргүзүп жаткан ишкананын жетекчиси Данияр Айбашов сүйлөп, активист Самат Кушбекти туура эмес маалымат таратып жатат деп күнөөлөшкөн.
"Менин атым Айбашов Данияр Жанболотович, "Тоо-Ашкан" ЖЧКсынын жетекчиси болом. Биз "Манас-Ордо" комплексинин жумуштарын жасап жатабыз. Кечээки болгон окуя жөнүндө сиздерге маалымат берип койоюн дедим. Ал жерде "жумушчу жагдай" болуп, бир-эки түшүнбөстүк болуп кеткен эле. Ал маселе боюнча өзүбүз чечишип алдык. Самат мырза, сиз ал жерде бүт баарын башкача көргөзүп коюптурсуз. Ал туура эмес. Нурдан Кемеловичтин ал жерде эч кандай тиешеси жок. Ал жерде Эрмат Жумаевич жөн гана адамдарды тынчтандырып, ажыраштырып жүргөн эле. Сөгүнгөн адам да Эрмат Жумаевич эмес. Эми курулушта ар кандай жагдайлар болот. Биз күнү-түнү иштеп, буйруса, 11-сентябрга Талас жергесине жакшы курулуш майрамы болуп, көптөгөн туристтер келип, жакшы болсун деген ойдобуз. А сиз мындай туура эмес нерсени көрсөтүп, адамдарды дүрбөлөң кылып жатасыз", - деген Данияр Айбашов.
Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев да "Манас-Ордодогу" жаңжал боюнча маалымат берип, Самат Кушбекке кайрылган.
"Мен Самат Кушбек мырзага кайрылат элем. Сиз жалган маалымат таратып, адамды каралабаңыз. Мен маалыматты тактап туруп чыгарууңузду талап кылат элем. "Манас-Ордо" улуттук комплексинде Данияр мырзанын ич ара түшүнбөстүктөрү болуп кетти. Алардын баарын чечишип алышты. Эч кандай бири-бирине нааразычылыктары жок. Ал эми өзүм жөнүндө айта турган болсом, биринчиден, ал жерде сөгүнүп жаткан дагы мен эмес. Экинчиден, ал жерде жөн гана бөлүштүрүп, "койгула, тынчыгыла, болду эми, ыйык жерде мындай нерсе кылбайлы" деп, элди тынчтыкка чакырып жаткам. Сиз болсо, "бандит", андай-мындай деп, тескерисинче, адамды жаман көргөзүп жатасыз. Ушул жерде Талас эли күбө жана калыс".
Буга чейин социалдык тармактарда 22-августта курулуш министри Нурдан Орунтаев Таластагы "Манас-Ордо" комплексине барган кезде уруш чыкканы тууралуу видеолор тараган. Анда бир топ адам жаңжалдашып, түртүшүп, кыйкырышып, сөгүнүп жатканын көрүүгө болот.
Бул видеону Францияда жашаган эколог, активист Самат Кушбек да өзүнүн комментарийи менен кошо жарыялаган. Анда ал Эрмат Жумаев менен Нурдан Орунтаевди сындаган.
"Мамлекеттик кызматкер мамлекеттик кызматкердей болсун. "Манас-Ордонун" ичинде жаңжал чыгарып жатышат. Мына, жазып жатышат: "Манас-Ордонун" ичиндеги долбоорлорду улам-улам... мээси жетпесе алмаштырат да ал долбоорлорду. Орунтаев мент да",-деген Самат Кушбек.
"Манас-Ордо" комплексиндеги жаңжал тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев комментарий бере элек жана урушка эмне себеп болгону да белгисиз.
Учурда Талас облусунда бир катар ири курулуштар жүрүп жатат.
Быйыл Эгемендиктин 35 жылдыгы Таласта белгилене турган айтылган.