"Жашыруун видео монтаж болгон": Саясатчы Мавлян Аскарбеков камакта калтырылды

Саясатчы Мавлян Аскарбеков камакта калтырылды. Кийинки сот отурум 24-августка белгиленди.
"Президент өлкөдө сөз эркиндиги бар деди. Мен өз оюмду өкмөткө кайрылуу менен айттым. Жашыруун видео монтаж болгон",- деди Аскарбеков сот залынан чыгып бара жатып.
Бийликти сындап келген саясатчы Мавлян Аскарбековдун кылмыш иши боюнча алгачкы сот отуруму бүгүн, 20-августта башталды. Иш боюнча алдын ала угуу Бишкектин Ленин райондук сотунда өтүп жатат.
Сот отуруму башталганга чейин адвокаты Эрик Ирискулбеков Аскарбековдун бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча өтүнүч келтирерин айткан эле. Ишти судья Темирбек Маматов карап жатат.
Аскарбеков соңку мезгилде социалдык тармактагы баракчаларына Кытай жарандарынын Кыргызстанда көбөйүп, кыймылсыз мүлккө ээ болуп, бизнеске аралашып жатканы тууралуу бир нече видео жарыялаган.
Көп өтпөй активисттин билдирүүлөрүн төгүндөгөн 12 мүнөттүк видео тараган. Аскарбеков ал материалды чагымчыл мүнөздөгү видео деп атаган.
"Премьер-министрге кайрылып, кытай жарандары кичи, орто бизнеске аралашып жатканы тууралуу айттым эле. Конструктивдүү талкуулап, эл алдында түз эфирде дебатка чакыргам. Базар күнү үйүмө үч УКМК кызматкери келип, мени менен сүйлөшүп, жашыруун камерага тартышып, монтаждап, азыр чыгарып жатышат. Жакын арада расмий жооп берем".
Камакка алынышы
Андан көп өтпөй, 12-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мавлян Аскарбековду кармаган.
Эртеси, 13-июнда Бишкектин Ленин райондук соту анын бөгөт чарасын карап, тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси — расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылган.
УКМК бул кылмыш иши боюнча кеңири маалымат берген эмес.
Президент эмне деген?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президент Садыр Жапаров 14-июнда Балыкчы шаарында Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып, Кыргызстан ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет өлкөдөн жумушчу күч тартууга аргасыз экенин айткан.
Ал блогерлерди, оппозиция өкүлдөрүн жана саясатчыларды "чагымчыл аракеттерге" барбоого чакырган.
Жапаров Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу да айрымдар "саясат издеп жатканын" айткан.
"Мына, Кыргызстан-Кытай Өзбекстан темир жолу курулуп жатат. Ушул жерден да саясат издегендер көп. Бул жолдун курулбашына башка үлкөн мамлекеттер да кызыкдар. Ошондуктан блогерлер дейбизди, оппозиция дейбизби, популист саясатчылар дейбизби, каптап кетти, жайнап кетти деп тоскоолдук жаратып жатышат. Ушундайларды кескин токтотушубуз керек. Албетте, өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, өзүбүздүн колубуздан келбеген нерселерди кошуна мамлекеттерден суранып, жасатып жатабыз. Ошол эле учурда биз тынч отурган жокпуз. Инженерлерди курулушчуларды окутуп, башка өлкөлөргө тажырыйба алмашууга жөнөтүп жатабыз. "Өзүбүз курабыз" деп жата берсек, биздин инженерлердин курулуштары 15-20 жылда араң даяр болот. Ошондуктан, азыр андай чагымчылдык аракеттерге блогерлерибизди барбагыла деп мен чакырып кетем", - деген президент.
Мавлян Аскарбеков ким?
47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү саясий жана коомдук окуяларга пикирин ачык билдирип келген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым чечимдерин сындаганы менен белгилүү.
Аскарбеков буга чейин бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Ошондой эле Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп иштеген.




























