Казакстан Курултай депутаттарын шайлады. Токаев президенттик шайлоого барар-барбасын айткан жок

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

23-августта Казакстан Курултай депутаттарын шайлады. Экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча, шайлоого катышкан жети партиянын бешөө Курултайга өтүү үчүн зарыл болгон 5 пайыздык чектен ашты. "Адилет" партиясы алдыда.

Казакстанда өлкөнүн жаңы бир палаталуу парламенти - Курултайга шайлоодо добуштарды саноо аяктады. Беш пайыздык чектен беш партия өттү. Добуштардын басымдуу бөлүгүн "Адилет" партиясы алды.

Шайлоого жети партия катышкан. Алардын баары кандайдыр бир деңгээлде президент Касым-Жомарт Токаевдин саясатын колдойт. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров дүйшөмбү күнү эртең менен берген алдын ала маалыматка караганда, "Адилет" партиясы шайлоочулардын 71,17% добушун алган.

Экинчи орунда "Ауыл" партиясы — 6,26%, үчүнчүдө Республика — 5,56% болду.

Курултайга өтүү үчүн зарыл болгон беш пайыздык чектен "Ак жол" партиясы — 5,21% жана Жалпы улуттук социал-демократиялык партия (ЖСДП) — 5,11% менен өттү.

Казакстан элдик партиясы жана "Байтак" жашылдар партиясы парламентке өтпөй калды.

Өлкө аймагында 10 344 шайлоо тилкеси уюштурулган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоочулардын тизмесинде турган 12 миллион 605 миң 788 жарандын 9 миллион 352 миң 151и добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 74,19 пайызын түзөт.

Аймактар арасында шайлоочулардын эң жогорку активдүүлүгү Түркстан облусунда – 92%, Жетисуу облусунда – 91% жана Кызылордо облусунда – 90% катталган.

Чыгыш Казакстанда шайлоочулардын 87,5%, Актөбөдө 88% жана Жамбыл облусунда 85,1% добуш берген.

Эң төмөн көрсөткүч Астана жана Алматы шаарларында катталды. Астанада шайлоочулардын 51%, Алматыда 43% добуш берген.

Жаңы бир палаталуу парламенттеги 145 мандат үчүн президентчил "Адилет" партиясы жана бийликти колдогон же системага лоялдуу дагы алты партия ат салышты.

"Адилет" партиясы 2026-жылдын май айында гана түзүлүп, июнда каттоодон өткөн. Андан көп өтпөй ага өлкөдөгү эң таасирдүү саясий партия - "Аманат" кошулган.

"Аманат" - 1999-жылы Нурсултан Назарбаев негиздеген "Отан" партиясынын, кийинчерээк "Нур Отан" деп аталган партиянын укуктук мураскери. 2022-жылга чейин Казакстандын биринчи президенти бул партияны жетектеп келген. Кийин анын ордуна, башка жооптуу кызматтардагыдай эле, азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев келген.

Учурда партиянын жетекчилиги жаңы түзүлгөн "Адилет" менен биригүүнүн максаты — "Назарбаевдин саясий жүгүнөн толугу менен арылуу" экенин айтууда.

2022-жылдын январында Казакстанда нааразылык акциялары башталган. Алардын катышуучулары коррупцияга жана мурдагы президенттин үй-бүлөсүнүн сакталып калган таасирине каршы да чыгышкан. Нааразылык акциялары күч менен басылган. Токаев муну мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети деп атаган.

Ошол эле учурда Токаев Назарбаевдин ордуна Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп, кийин аны бийликтеги партиянын жетекчилигинен да четтеткен.

Жаңы түзүлгөн "Адилет" партиясын буга чейин президенттик администрациянын жетекчиси болуп иштеген Айбек Дадебай жетектейт.

"Адилет" партиясы түзүлгөндөн кийин Назарбаевдин доорунда бийликтеги партия болгон "Аманатты" өзүнө кошуп алган. Ал партиялардын ичинен эң көп - 186 талапкерди көрсөткөн. Калган партиялардын тизмелеринде 76дан 33кө чейин талапкер бар.

Жаңы парламент - Курултай - март айында кабыл алынган жаңы Конституциянын негизинде түзүлөт. Жаңы Баш мыйзам Назарбаевдин дооруна расмий чекит коюп, анын үй-бүлөсүнүн жана жакын санаалаштарынын саясий жана экономикалык таасиринин аякташын билдирет.

Саясий түзүмдү кайрадан куруу Назарбаев менен байланышы бар "Казахмыс" жана Eurasian Resources Group (ERG) сыяктуу өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири өнөр жай активдерин кайра бөлүштүрүү менен коштолду.

Айрым активдерди коомчулукка анча белгилүү эмес ишкерлер расмий түрдө сатып алышкан. Бул алардын артында таасири кыйла күчтүү башка адамдар турушу мүмкүн деген божомолдорго негиз берди.

Дагы бир кадам катары, жаңы Конституция 1-июлда күчүнө киргенден бир нече күн өткөн соң Конституциялык сот анын кабыл алынышы Токаевге 2029-жылы күтүлүп жаткан кийинки президенттик шайлоодо дагы бир жети жылдык мөөнөткө талапкер болууга жол ачарын билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 23-августта добуш бергенден кийин суроолорго жооп берип жатып, алдыдагы президенттик шайлоого катышар-катышпасын 2027-жылы айта турганын билдирди.

"Кайрадан шайлоого катышууга мыйзам боюнча укугум бар. Алдыдагы шайлоого келсек, сиз сурагандай, шайлоого катышамбы же катышпаймбы деп айтууга азырынча эрте. Анткени өлкөбүздүн алдында турган абдан көп милдеттерди аткарышыбыз керек", - деди Токаев Курултайдын депутаттарын шайлоодо добуш берген күнү "Власть" басылмасынын журналистине.

Саясий серепчи Серик Бейсембаев Токаев эми "бийлигин толук бекемдеп, толук кандуу президент болуп, Назарбаевдин көлөкөсүнөн чыкканын" айтты.

"Жаңы Конституция Казакстандагы бийлик түзүмү боюнча анын көз карашын чагылдырат: өзүн-өзү талапкер кылып көрсөтө албаган, депутаттары партиялык тизме менен шайланган жана өз алдынчалыгы жок жаңы парламент", - деди ал "Азаттык Азия" сайтына берген маегинде.

Шайлоо өнөктүгү алдын ала даярдалган сценарий боюнча өтүп жаткандай таасир калтырды. Партиялар социалдык тармактарды активдүү колдонуп, өнөктүккө белгилүү адамдарды жана коомдук ишмерлерди тартышты. Ошондой эле алдын ала даярдалгандай көрүнгөн бир катар теледебаттар өткөрүлдү.

Ар бир партия шайлоо өнөктүгүн бир негизги билдирүүнүн айланасында курду. Бирок алардын баары дээрлик бирдей маселелерди көтөрүштү: адилеттүүлүктү камсыз кылуу, өндүрүш тармагын өнүктүрүү, санариптештирүүнү илгерилетүү, айыл жерлерин колдоо, эгемендүүлүктү бекемдөө жана айлана-чөйрөнү коргоого көбүрөөк көңүл буруу.