Бишкек декларациясына кол коюлду. ШКУ төрагалыгы Пакистанга өттү

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити аягына чыкты. Ага Кыргызстан төрагалык кылды.

Кыргызстандын атынан сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров ШКУну тең укуктуу өнөктөштүктүн мейкиндиги катары атап, аны мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

"Биздин уюм мындан ары да блоктук ой жүгүртүүдөн жана тирешүүдөн эркин болуп, ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аянтча болуп кызмат кылышы керек", - деди ал.

Садыр Жапаров ШКУнун коопсуздук боюнча универсалдуу борборун тез арада ишке киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун ишке киргизүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Президент ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнү тездетүүгө чакырып, биргелешкен долбоорлор үчүн Ысык-Көлдөгү "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну сунуштады.

Кыргыз президенти транспорттук-логистикалык өз ара байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыттагы иш жүзүндөгү эң маанилүү кадам катары "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун атады.

Саммит жабык эшик артында өттү. Президенттик администрация тараткан маалыматка караганда, уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, уюмду мындан ары өнүктүрүү, коопсуздукту чыңдоо, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.

Алардын арасында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы, Коопсуздук чакырыктарына каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду түзүү жана Баңгизатка каршы борбордун ишин жөнгө салган жобо бар.

Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу вазыйпасы Пакистан Ислам Республикасына өткөрүлүп берилди.

Бүгүн эле "ШКУ+" форматындагы жолугушуу өтүп жатат.

Шанхай кызматташтык уюму Кытай, Орусия, Индия, Пакистан сыяктуу өзөктүк куралы бар өлкөлөрдү, Борбор Азиянын төрт мамлекетин, Иран жана Беларусту бириктирген шаркет. Уюмга мүчө мамлекеттерде дүйнө калкынын жарымына жакыны жашайт.