You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкекте ШКУ саммити башталды
- Author, Айдай Аманкулова, Руфат Эргешов
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 25 жылдык мааракелик саммити башталды. Иш-чара "ШКУга 25 жыл: Туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп өсүүгө бирге" деген аталышта өтүп жатат. Кыргызстан президенти Садыр Жапаров саммиттин ачылышын жасады.
Президент Кыргызстандын философиясы "Ырыс алды ынтымак" деген накыл сөзгө негизделгенин, мында "Шанхай рухунун" өзү да камтылганын билдирди.
"Ушул мезгил аралыгында биз 200гө жакын иш-чара өткөрдүк. Коопсуздук тармагындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдедик, экономикалык жана транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрдүк, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдеттик, санариптик өнүгүү жана жасалма интеллект маселелерин уюмдун практикалык артыкчылыктуу багыттарынын катарына чыгардык. Бүгүн биз мүчө мамлекеттердин алдында турган актуалдуу маселелерди кеңири талкуулап, мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттарын аныктап, ШКУнун ишмердигин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган маанилүү чечимдерди кабыл алышыбыз керек", - деди Садыр Жапаров.
Ал туруктуу тынчтыктын, биргелешкен өнүгүүнүн жана жалпы бакубатчылыктын барагын ачуу уюмдун алдындагы негизги вазыйпа экенин кошумчалады.
Ушул тапта жыйын жабык эшик артында уланууда.
Бул саммит дүйнөдө геосаясий чыңалуу күчөп, Украинадагы согуштун кыйыры көрүнбөй, Жакынкы Чыгышта жаңы кагылышуулар жүрүп жаткан татаал шартта өтүүдө.
Ошондуктан Бишкектеги жолугушуунун мааниси жөн гана маараке менен чектелбечүдөй. Эл аралык медиа лидерлердин кабак-кашына, бири-бирине жасаган мамилесине тыкыр көз салып, чыңалуударды жөнгө салууга дилгирби деген ишараттарга көңүл бурушары талашсыз.
Маселен, кечээ эле Бишкекке келген Индия премьери Нарендра Моди Орусия президенти Владимир Путин менен жолугуп, Украинадагы согушту токтотууга чакырганы айтылды.
"Биз чексиз согуштан согуштун аягына келишибиз абзел. Аскердик аракеттерди токтотууга өтүшүбүз керек. Биз дал ушул багытта аракет кылышыбыз зарыл. Бул бүткүл адамзат үчүн абдан маанилүү. Биз бардык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечишибиз керек. Муну бүткүл адамзат талап кылууда", - деген Моди.
Шанхай Кызматташтык Уюму Кытай, Орусия, Индия, Пакистан сыяктуу өзөктүк куралы бар өлкөлөрдү, Борбор Азиянын төрт мамлекетин, Иран жана Беларусту бириктирген шаркет. Уюмга мүчө мамлекеттерде дүйнө калкынын жарымына жакыны жашайт.
Бирок бул уюмдун ичинде көйгөйлөр абдан көп: мүчө өлкөлөрдүн көбү өз ара мамилеси начар, айрымдары согуш абалында. Маселен, Орусия Украина менен урушуп жатса, Иран АКШ жана Израил менен кагылышууда. Ал эми Пакистан коңшу Ооганстандагы Талибан бийлиги менен араздашууда.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммиттердинде Ооганстандагы абал такай көтөрүлөт. Талибан 2021-жылы бийликке келгенге чейин Ооганстан ШКУда байкоочу макамында болгон. Уюмдун ичинен Талибан өкмөтүн азырынча Орусия гана расмий тааныган.
Уюм үчүн Борбор Азиянын орду өзгөчө маанилүү. Анткени ШКУ чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөө, чек ара маселелерин жөнгө салуу жана мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулган. Бүгүн да Борбор Азия Кытай, Орусия жана Түштүк Азияны байланыштырган стратегиялык аймак катары ШКУнун маанилүү бөлүгү бойдон калууда.
Эл аралык медиалар белгилегендей, ШКУнун 25 жылдагы эң чоң жетишкендиги анын мүчөлөрү бардык маселелерди чечип, достошуп кеткенинде эмес. Себеби ШКУ эки тараптуу жаңжалдарды чечүүгө багытталган эмес. Анын негизги өзгөчөлүгү бири-бирине ишенбеген мамлекеттерди бир үстөлгө жыйнап, диалогду улантууга шарт түзгөнүндө.
ШКУ саммити коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өтүп жатат, байкоочу жана конокторду эске алганда, жыйырмага чукул өлкөнүн лидерлери Бишкекке чогулду. Алар:
Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан, Кытайдын лидери Си Цзинпин, Тогонун Министрлер Кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, акыркылардан болуп Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Беларустун президенти Александр Лукашенко.
Саммит коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өтүүдө. Жүздөгөн журналисттер "Ынтымак Ордо" менен "Ырыс Ордонун" жанында атайын уюштурулган маалымат борбордо саясий диалогго көз салып жатышат.