"Президент аралашпагыла дейт, Туманбаев аралашкыла дейт". Бийлик эмнеге кол топтоо ишине чакырып жатат?

Сүрөттүн булагы, ва
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Акыркы эки күндө бир катар министрликтер жана мамлекеттик мекемелер жарандарды президенттикке талапкер болуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазгандарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу колдоого чакырды. Кеминде 30 миң адамдын колун чогултуу талапкер болуу үчүн негизги талаптардын бири. Бирок жогорку кызмат адамдарынын чакырыгы талкуу жаратты.
25-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекеттик органдардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлерине кол топтоо тартиби тууралуу туура маалымат жеткирип, алардын бул процесске активдүү катышуусуна шарт түзүүгө үндөгөн.
"Антпесек, 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн. "Түндүктө" эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт. Жөн эле бийликти жамандап, саясатташтырганды токтотолу. Шайлоо өлкөбүздүн саясий турмушунун ажырагыс бөлүгү эмеспи. Анын таза, ачык жана атаандаштык шартында өтүшү үчүн салым кошолу",- деген Аскат Алагөзов.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
26-ноябрда Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев да Фейсбук баракчасында кайрылуу жасап, Иш башкармалыктын кызматкерлерин талапкер болууга ниетин билдиргендерди колдоого активдүү катышууга чакырды.
"Кол коюу добуш берүү эмес, бул талапкерлерди каттоонун бир этабы. Ар бир жаран бир нече талапкерди колдой аласыздар. Президенттик шайлоо өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушундагы маанилүү окуя болгондуктан, бул процесске кайдыгер карабоого чакырам", - деген ал.
Ушул эле күнү маданият министри, курулуш министри, энергетика министри өздөрүнүн жеке баракчаларынан жана Ички иштер министрлигинин расмий баракчасынан жарандарды аталган кол топтоо жараянына жигердүү катышууга чакырган посттор жарыяланды.
Саясат талдоочу Эмил Жороев мындай көрүнүштүн өзү талапкерлердин 30 миң кол топтоодогу максатын жоготууда деген пикирин билдирди.
"Негизи бул отуз миң кол топтоонун негизги максаты - талапкер болоюн деп, ниетин билдирген кишинин талапкерлигин колдой турган, ошол талапкер катары чыкса жакшы болот эле деген жарандар барбы, жокпу деген, кичине болсо да бир чыпка сыяктуу алдын ала жасалган иш да. Бирок, менимче, бул бийлик, өзгөчө бийлик институттары, бийликтин өзүнүн өкүлдөрү системдүү түрдө чакырып, келгиле, келгиле, кол койгула, кол топтогула дей бергенде, ал максат бир аз жуулуп бараткансыйт. Албетте, кандайдыр бир маалымдоо болуш керек, анткени кичине жарандарды ойготуу керек. Аракет кылыш керек, бирок мындай системдүү түрдө, дээрлик үгүт жүргүзүү сыяктанган, ошого тете болгон аракеттин арасына ошол отуз миңди топтойлу деп, мамлекеттик жетекчилердин баары киришип жатканы, менимче, анчейин максатка туура келбейт".

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президенттикке талапкер болуу ниетин билдиргендердин бири Бакытбек Калмаматов 27-ноябрга карата жетиштүү - 30 миңден ашык кол топтогону белгилүү болду. Ал президент Садыр Жапаров мамлекеттик мекемелерди шайлоого аралашпагыла деп тапшырма берип жаткан чакта, министрликтердин, мекемелердин кайрылуу жасап, кол топтоого катышууга чакырып жатканы канчалык туура деген маселеге көңүл бурду.
"Катышуучулардын саны аябай төмөн. Бул - каттоодо турган төрт миллион шайлоочу бар болсо, кол топтоо процессине араң үч жүз миңден ашык гана адам чогулуп, катышты деген сөз. Аябай аз көрсөткүчтү билдирет. Кайсы бир деңгээлде, биринчиден, "Түндүккө", мамлекетке болгон элдин ишениминин жоктугунун белгиси, экинчиден, бул мамлекеттик кызматкерлер үстүдөн мындай кыйытып дагы эмес, конкреттүү буйрук болмоюнча жылбай турганын көрсөттү. Бирок ошол эле учурда Туманбаев менен президент чечишип алыш керек экен. Президент "аралашпагыла" дейт, Туманбаев "аралашкыла" дейт. Ошол экөө чечип алышы керек экен, аралашабызбы же аралашпайбызбы деген жагын. Анан бул адамдардын баягы мындай ашыкча этияттануусунун кабар берет да. Бирок Туманбаевдер айтканда деле адамдар катышып кеткен жок. Анткени ИИМ министри да кайрылуу жасаптыр, Туманбаев өзү жасаптыр. Бир эле министрликте он миңден ашык адам иштейт. Кечээтен бери анча көп деле жылган жок", - деди Бакытбек Калмаматов.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Деген менен, мамлекеттик органдардын жапа тырмак президенттикке талапкер болом дегендердин кол топтоосуна катышууга чакыруусун өлкөдөгү жаңы саясий маданият катары сыпаттагандар да жок эмес.
"Президент колдон келишинче, бардыгына бирдей шарт түзгөнгө аракет кылып жатат. Бизге шарт болгон жок деп, кийин айтпасын деп, ошого аракет кылып жатат. Ал эми мамлекеттик органдар үгүттөгөн жок, булар колдоп койгула деп жатат, талапкерлерди кол топтоодо колдойлу деп жатат. Мындай үгүт деген жок да, жөн эле колдоп коелу, өтүп кетсин бардыгы деп жатышат", - деди саясат талдоочу Бакыт Бакетаев.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын ичинен Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Исхак Масалиев, Клара Сооронкулова жана Бакыт Калмаматов керектүү сандагы кол топтоого жетишти. Калган талапкерлер кол чогултуу иштерин улантууда.
Маселен, кол топтооо боюнча активдүү иш жүргүзүп жаткан Акай Кадыров буларга токтолду:
"Түндүк" тиркемесин үч жарым миллион адам колдонот деп айткан болчу. Мына кол топтоого он күндөй калды. Үч жүз элүү миң адам гана кириптир жана кол коюптур. Мындайча айтканда, он пайызына эми гана жетти. Негизи шайлоого демек ушунчалык адам катышат деген ойдо калдым".
Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.





























