Казакстандагы парламенттик шайлоо президенттин бийлигин дагы бекемдеши мүмкүн

Президент Токаев (солдо) мурунку президент Назарбаевдин саясий мурасын акырындык менен жок кылууда.

Сүрөттүн булагы, AKORDA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Токаев (солдо) мурунку президент Назарбаевдин саясий мурасын акырындык менен жок кылууда.
    • Author, BBC Monitoring
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

23-августта Казакстандын жарандары жаңы бир палаталуу парламенттин депутаттарын шайлашат. Бул парламент президент Касым-Жомарт Токаев баштаган, анын бийлигин бекемдөөгө багытталган кеңири саясий реформалардын негизинде түзүлөт.

Шайлоону 2019-жылы президенттиктен расмий кеткен Нурсултан Назарбаевдин дээрлик 30 жылдык башкаруу доорунан кийинки саясий өткөөл мезгилдин аякташы катары кароого болот.

Президент Токаевдин администрациясы анын саясий реформалары бийликте кыйла тең салмактуу жана адилеттүү системаны түзүүгө багытталганын айтып келет. Бирок байкоочулар Токаевдин тушунда авторитардык тенденциялар күчөп, жарандык жана саясий активдүүлүккө, ошондой эле сөз эркиндигине болгон шарттар улам тарып баратканын белгилешет.

Шайлоо жараяны катуу көзөмөлгө алынууда. Шайлоого жакындаган сайын көз карандысыз пикирлерди билдиргендерге басым күчөдү. Президентти колдогон "Адилет" партиясына негизинен башка бийликчил партиялар гана атаандашууда. Ошондуктан бул партия шайлоодо басымдуу жеңишке жетери күтүлүүдө.

Саясий өткөөл мезгилдин аякташы

Жаңы парламент - Курултай - март айында кабыл алынган жаңы Конституциянын негизинде түзүлөт. Жаңы Баш мыйзам Назарбаевдин дооруна расмий чекит коюп, анын үй-бүлөсүнүн жана жакын санаалаштарынын саясий жана экономикалык таасиринин аякташын билдирет.

Саясий түзүмдү кайра куруу Назарбаев менен байланышы бар "Казахмыс" жана Eurasian Resources Group (ERG) сыяктуу өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири өнөр жай активдерин кайра бөлүштүрүү менен коштолду.

Айрым активдерди коомчулукка анча белгилүү эмес ишкерлер расмий түрдө сатып алышкан. Бул алардын артында таасири кыйла күчтүү башка адамдар турушу мүмкүн деген божомолдорго негиз берди.

Дагы бир кадам катары, жаңы Конституция 1-июлда күчүнө киргенден бир нече күн өткөн соң Конституциялык сот анын кабыл алынышы Токаевге 2029-жылы күтүлүп жаткан кийинки президенттик шайлоодо дагы бир жети жылдык мөөнөткө талапкер болууга жол ачарын билдирди.

Саясий серепчи Серик Бейсембаев Токаев эми "бийлигин толук бекемдеп, толук кандуу президент болуп, Назарбаевдин көлөкөсүнөн чыкканын" айтты.

"Жаңы Конституция Казакстандагы бийлик түзүмү боюнча анын көз карашын чагылдырат: өзүн-өзү талапкер кылып көрсөтө албаган, депутаттары партиялык тизме менен шайланган жана өз алдынчалыгы жок жаңы парламент", — деди ал «Азаттык Азия» сайтына берген маегинде.

Сценарий боюнча өткөн шайлоо өнөктүгү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жаңы бир палаталуу парламенттеги 145 мандат үчүн президентчил "Адилет" партиясы жана бийликти колдогон же системага лоялдуу дагы алты партия ат салышууда.

"Адилет" партиясы шайлоого бир нече ай калганда түзүлүп, Назарбаевдин доорунда бийликтеги партия болгон "Аманатты" өзүнө кошуп алган. Ал партиялардын ичинен эң көп - 186 талапкерди көрсөткөн. Калган партиялардын тизмелеринде 76дан 33кө чейин талапкер бар.

Шайлоого бир жума калганда жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, "Адилет" 70% добуш алат деп күтүлүүдө. Андан кийинки орундарда "Ауыл" партиясы - 5,6%, "Ак жол" партиясы — 4,9% менен турат.

Шайлоо өнөктүгү алдын ала даярдалган сценарий боюнча өтүп жаткандай таасир калтырды. Партиялар социалдык тармактарды активдүү колдонуп, өнөктүккө белгилүү адамдарды жана коомдук ишмерлерди тартышты. Ошондой эле алдын ала даярдалгандай көрүнгөн бир катар теледебаттар өткөрүлдү.

Ар бир партия шайлоо өнөктүгүн бир негизги билдирүүнүн айланасында курду. Бирок алардын баары дээрлик бирдей маселелерди көтөрүштү: адилеттүүлүктү камсыз кылуу, өндүрүш тармагын өнүктүрүү, санариптештирүүнү илгерилетүү, айыл жерлерин колдоо, эгемендүүлүктү бекемдөө жана айлана-чөйрөнү коргоого көбүрөөк көңүл буруу.

Либералдаштыруу боюнча убадалардан артка чегинүү

Казакстандагы жергиликтүү байкоочулар Токаевдин саясий реформалары анын мурда берген либералдаштыруу боюнча убадаларына жетпей калганын айтышат. Айрыкча президенттин колундагы бийликтин "ашыкча топтолушун" жоюу жана саясий чөйрөнү кеңейтүү боюнча убадалар аткарылган эмес деп эсептешет.

Колумнист Алмас Кайсар Токаевдин жети жылдык башкаруусунда бир да оппозициялык партия каттоодон өтө албаганын айтып, өлкөдөгү саясий чөйрөнү "күйүп кеткен талаага" салыштырды.

"Ошол жылдары партия түзүүгө аракет кылгандардын жарымы кылмыш жоопкерчилигине тартылды, калган жарымы саясаттан жөн гана кетип калды", — деп жазды ал 17-августта жеке менчик "Власть" басылмасында жарыяланган макаласында.

Белгилүү саясий серепчи Досым Сатпаев шайлоо жараяны Казакстанда чыныгы саясий демократиялашуунун белгилерин дээрлик көрсөтпөгөнүн айтты.

"Партиялардын шайлоо тизмелери бар, бирок партиялардын өзү жок. Каалаган тойго келгендердин тизмесин алып, аны "партиянын тизмеси" деп эле атап койсо болот", — деп жазды Сатпаев 14-июлда Европада жайгашкан оппозициячыл "Республика" онлайн-басылмасындагы макаласында.

Ал алдыдагы шайлоого катышып жаткан саясий партиялар "жасалма жол менен түзүлгөн", алардын талапкерлери "жогорудан бекитилгенин" жана алардын "башкы артыкчылыгы — бийликке берилгендиги" экенин кошумчалады.

Саясий серепчи Бейсембаев либералдаштыруунун жоктугун бийликтин 2022-жылдын январындагы башаламандыкка байланыштуу коомдук толкундоолордон дагы деле чочулап жатканы менен байланыштырды. Расмий бийлик ал окуяларды мурдагы президент Назарбаевдин санаалаштары уюштурган мамлекеттик төңкөрүш аракети катары баалаган.

Бейсембаев "Азаттык Азияга" берген маегинде Назарбаевдин тушунда өлкөдө жок дегенде кандайдыр бир жарандык активдүүлүк болгонун, ал эми Токаевдин бийлиги учурунда ал дээрлик жоголгонун айтты.

"Система кандай гана болбосун альтернативдүү күчтөрдүн пайда болушуна даяр эмес экенин көрүп жатабыз... Тынч чогулуш өткөрүү, шайлоо жана сөз эркиндиги бийлик үчүн кооптуу нерселерге айланды. Саясатка жана жарандардын укуктарына байланыштуу бардык маселелер экинчи планга сүрүлүп жатат", — деди ал.

Дагы бир саясий серепчи Шыңгыc Ергобек Токаевди сот системасын реформалай албаганы үчүн сындады. Анын айтымында, бул жарандардын негизги укуктарынын корголбой калышына алып келүүдө.

"Ал дагы деле мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтерине караганда алсыз. Эгер мыйзам үстөмдүк кылган мамлекетти кургубуз келсе, сот реформасын жүргүзмөйүнчө муну жасай албайбыз", - деген Ергобектин сөзүн Nege.kz сайты жарыялаган.

Шайлоонун алдында медиаларга басым күчөдү

Шайлоо жакындаган сайын көз карандысыз журналисттерге жана медиаларга бийликтин басымы өзгөчө күчөдү.

Белгилүү журналисттер Динара Егеубаева менен Лукпан Ахмедьяровго кылмыш иштери козголгон. Саясий серепчи Азамат Омаров кармалган. Башка журналисттер интернеттеги чектөөлөргө кабылганын айтып чыгышкан.

"Бөгөт коюуга же башка кысымдарга кабылып, аккаунту же сайты жабылбаган, административдик же андан да оор кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган бир да медиа, журналист же блогер калган жок десем болот", - деди Бейсембаев 13-августта "Азаттык Азияга".

"Көптөр Назарбаевдин тушунда так "кызыл сызыктар" болгонун айтышат. Мисалы, Назарбаевдин өзүнө жана анын жакындарына тийүүгө болчу эмес. Бирок жалпысынан сын айтууга кандайдыр бир мүмкүнчүлүк бар эле. Азыр бул сызыктар таптакыр бүдөмүк болуп калды. Адамдар эмне үчүн "жазаланып" калышы мүмкүн экенин эч ким билбейт", - деди ал.

Бейсембаевдин айтымында, мурда бийликтин куугунтугунун негизги бутасы ири медиалар жана өз партиясын түзүүгө аракет кылган таасирдүү саясатчылар болсо, азыр басымга кабылган адамдардын чөйрөсү кыйла кеңейди.

"Азыр журналисттерди, блогерлерди, стендап-комиктерди, активисттерди, атүгүл жөнөкөй интернет колдонуучуларды да бутага алып жатышканын көрүп жатабыз", - деди ал.

"Азаттыктын" казак кызматы 15-июлда бийлик анын 11 журналистинин аккредитациясын узартуу боюнча чечимди сентябрдын ортосуна чейин создуктуруп жатканын билдирген. Бул кызматтын парламенттик шайлоону чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнө таасир этиши мүмкүн.

Коомчулуктун нааразычылыгы күчөп жатат

Казакстандагы жергиликтүү байкоочулар Токаевдин өкмөтүнө карата коомчулуктун нааразычылыгы күчөп жатканын да белгилешет.

Нааразычылыктын бир бөлүгү өкмөт акыркы жылдары кабыл алган популярдуу эмес чечимдерге байланыштуу. Алардын арасында 2024-жылы өлкөдө бирдиктүү убакыт алкагын киргизүү, салык мыйзамдарын катаалдаштыруу жана жол эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айып пулдарды жана башка төлөмдөрдү өндүрүү системасын күчөтүү бар.

Саясий серепчи Мади Омаров "коомдо кайдыгерлик жана коркуу күчөп жатканын, ошол эле учурда өзгөрүүлөргө болгон талап дагы деле бар экенин" айтты.

"Адамдар саясаттан алыстап, коомдук сын айтуудан качып жатышат. Бирок биздин сурамжылоолор калктын 70 пайыздан ашыгы дагы деле зарыл өзгөрүүлөрдү каалап жатканын көрсөтүүдө", - деп жазды Омаров Telegram-каналына жарыялаган билдирүүсүндө.

"Эл баалардын өсүп жатканына, жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө, коррупцияга, экологиялык көйгөйлөргө жана мамлекеттик башкаруунун сапатына тынчсызданууда. Бирок бул маселелер саясий талкуунун алкагында жетиштүү деңгээлде көтөрүлбөй жатат", — деп кошумчалады Омаров.