"Мадина" базарында чыккан өрттүн себеби такталууда

Мадина базары

Сүрөттүн булагы, Akipress

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектеги "Мадина" базарында 30-август күнү эртең менен өрт чыкты. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланып жатат. Жергиликт тургундардын айтымында, эски базардын аймагындагы бир нече контейнерлер күйүп жатат.

"Өрт эртең менен башталган, азыр биз турган Восток-5 районунун түтүн басты. Аба сасып атат", - деди жергиликтүү тургун.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 10 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев координациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Базардагы жабык контейнерлерди ачуу иштерине "Куткаруу кызматынан" кызматкерлер тартылды.

Ошондой эле жеринде "Тазалык" ишканасынан үч суу ташуучу унаасы жана тез жардам кызматынан үч бригада иш алып барууда.

Учурда өрт чыккан базарда жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Аида Байсынова Би-Би-Сиге кырсыктын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.

"Өрттөн улам катуу жаракат алгандар аныкталган жок. Окуя болгон жерде жерде жүрөм. Өрттүн себеби, азырынча тактала эле. Мында өзгөчө кырдаалдар министри өзү, куткаруучулар, "Тазалыктын" өкүлдөрү, баары жүрүшөт. Базардагы өрттү өчүрүүгө он өрт өчүрүүчү техника тартылды", - деди ӨКМнын Бишкек боюнча басма сөз катчысы Аида Байсынова.

Анын айтымында базардагы өрт 400 чарчы метр жерге жайылган.

Белгилей кетсек, "Мадина" базары июль айынын аягында соодагерлерди көчүрүү маселесинен улам коомчулуктун көңүлүн бурган. 30-июлда базардын соодагерлери аларды жаңы базарга көчүрүүгө каршы акцияга чыгышкан. Алар жаңы соода жайындагы орундардын баасына жана шарттарына нааразы экенин билдирип жатышкан эле.

Мындан соң Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу "Мадина" базары 1-августта жабылбай турганын, соодагерлерге жаңы "Ала Тоо" базарына көчүүгө кошумча убакыт жана үч ай жеңилдик берилерин убаладалаган.