Бишкектеги ШКУ саммитине 17 өлкөнүн өкүлдөрү келет (тизме)

1-сентябрда Бишкекте ШКУ саммити өтөт. Жыйынга Кытай, Орусия, Казакстан, Индия, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн лидерлери, ошондой эле БУУнун баш катчысы катышат.

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкекте 1-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кезектеги жыйыны өтөт. Ошондой эле саммиттин алкагында "ШКУ +" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулат.

Жыйын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтөт. Президенттик администрациясынын маалыматына ылайык, бул иш-чараларга 17 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери катышат.

Саммитке кимдер келет?

Бишкектеги жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин дээрлик бардыгы катышат.

Тизмеде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан бар.

Индиянын атынан премьер-министр Нарендра Моди, Пакистандан премьер-министр Шахбаз Шариф катышат. Беларусь президенти Александр Лукашенко да Бишкектеги иш-чараларга келет.

Мындан тышкары, "ШКУ +" форматындагы жолугушууга Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Тогонун президенти Фор Эссозимна Гнассингбе, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана Египеттин вице-премьер-министри Хусейн Иса катышат.

Эл аралык уюмдардын жетекчилери да келет

Бишкектеги жолугушууга Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш да катышары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев, КМШнын баш катчысы Сергей Лебедев, ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев келет.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин башкы катчысы Кайрат Сарыбай да жыйынга катышат.

Лидерлер эмнени талкуулашат?

Саммитте эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Ошондой эле ШКУнун мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары каралат.

Лидерлер саясий байланыштар, соода-экономикалык кызматташтык, транспорт жана логистика, санариптештирүү, экология, маданий жана гуманитардык байланыштар боюнча пикир алмашат.

Саммиттин жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясын кабыл алуу пландалууда. Ошондой эле уюмдун ишмердигин мындан ары өнүктүрүүгө жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, мамлекет башчылары бир катар тематикалык билдирүүлөрдү кабыл алышы мүмкүн.

"ШКУ +" форматында эмне талкууланат?

"ШКУ +" форматындагы кеңейтилген жолугушууда БУУнун эл аралык координациядагы ролун күчөтүү жана эл аралык укуктун принциптерин сактоо маселелери талкууланат.

Ошондой эле туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү жана мамлекеттер ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болот.

Бул формат ШКУга мүчө мамлекеттерден тышкары башка өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөдө сүйлөшүүсүнө шарт түзөт.

Коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан күндөрү Бишкекте коомдук коопсуздукту камсыз кылууга ар кандай күч түзүмдөрүнүн 15 миңге жакын кызматкери тартылды.

Президенти Садыр Жапаров 29-августта коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган күч түзүмдөрүнүн даярдыгын текшерди.

"Өнүгүүнүн эң биринчи шарты - темирдей бекем тартип! Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарынкатуу жазалашыбыз керек! Андайларга ырайым болбойт!",- деди Садыр Жапаров.

ИИМ бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, саммит өтүүчү жайларда, стратегиялык объектилерде жана расмий делегациялар жүрө турган каттамдарда коопсуздукту камсыздайт.

Мындан тышкары, борбор калаадагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр кирип жатат.

Бишкек шаарында "Манас" эл аралык аэропортунан жана Васильев трактындагы каттамдарда, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилеринде кыймыл убактылуу чектелет.

Чүй облусунда расмий делегациялардын жүрүү маршруттарына жана иш-чаралар өтүүчү жерлерге жараша айрым автомобил жолдорунда транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилет.

Ысык-Көл облусунда да айрым автомобил жолдорунун тилкелеринде, анын ичинде "Тамчы" эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайына баруучу жолдо кыймыл убактылуу чектелет.

ИИМден тышкары, ӨКМ да стратегиялык объектилерде коопсуздук иш-чараларын көзөмөлдөйт.

Кыргызстан үчүн саммиттин мааниси

Бишкектеги саммит Кыргызстандын ШКУга 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын негизги жыйынтыктоочу иш-чарасы болот.

Кыргызстан бул мезгилдеги төрагалыгын "25 жыл ШКУ: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай бирге" деген ураандын алдында өткөрүп жатат.

Бишкек буга чейин да ШКУнун жогорку деңгээлдеги иш-чараларын өткөргөн. Бирок бул жолку саммит өлкөнүн уюмдагы төрагалыгын жыйынтыктаган негизги дипломатиялык окуя болуп калат.

"Азыркы эл аралык саясатта кайсы бир уюмга мүчө болуунун пайдасын акча же конкреттүү долбоор менен гана өлчөө кыйын. Кыргызстан үчүн ШКУнун мааниси көбүнчө дипломатиялык жана саясий мүмкүнчүлүктөрүндө. Анткени бул уюмда Кытай, Орусия сыяктуу ири мамлекеттер бар. Алар менен бир уюмдун алкагында бир үстөлдө отуруп, орток маселелерди талкуулоо — Кыргызстан үчүн чоң дипломатиялык мүмкүнчүлүк", - дейт жергиликтүү эксперт Эмилбек Жороев.

Жыйынга бир катар ири мамлекеттердин лидерлеринин жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин келиши Кыргызстан үчүн дипломатиялык жактан маанилүү. Саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана бир катар эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү да түзүлөт.

Ошол эле учурда жогорку деңгээлдеги делегациялардын Бишкекке келиши шаардагы коопсуздук чараларынын күчөтүлүшүнө алып келет. Бийлик саммит күндөрү айрым көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин эскерткен.

1-сентябрдагы жыйындын жыйынтыгында кабыл алынган декларация жана башка документтер ШКУнун кийинки ишинин негизги багыттарын аныктайт.