Токойдо жоголгон өспүрүм табылды
Токойдо жоголгон өспүрүм табылды
Published
Австралиядагы токойдо жоголгон өспүрүм алты күндөн кийин табылды. Уильям аттуу 17 жаштагы бала 6-ноябрда Виктория штатындагы Мельбурн шаарынан 180 чакырым алыстагы токойго досу менен кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Бул аймакта абанын температурасы түнкүсүн өтө эле төмөндөп кетет, ошондуктан куткаруучулар баланын тирүү табылышынан күмөн санап жаткан эле.



