Парасёрфинг боюнча чемпионат

Видеонун түшүндүрмөсү, Парасёрфинг боюнча чемпионат
Парасёрфинг боюнча чемпионат
Published

Калифорнияда парасёрфинг боюнча дүйнө чемпионаты башталууда. Анда 24 өлкөдөн келген 140 спортчу күч сынашат. Бул мелдештин бир өзгөчөлүгү бар, ал жээкте эмес, жасалма толкун бассейнинде өтөт.

Чемпионатка Англия курамасынын мыкты спортчулары Зои Смит менен Сюзанн Эдвардс да катышууда. Мелдештин алдында Би-Би-Си аларга жолугуп келди.