Амирдин өлүмү: үч жетекчи иштен алынды

Видеонун түшүндүрмөсү, Амирдин өлүмү: үч жетекчи иштен алынды
Амирдин өлүмү: үч жетекчи иштен алынды
Published

Ала-Арча паркында дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган 14 жашар Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыялады.

Ошондой эле ӨКМ министринин орун басары Алмазбек Асанов, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев, Куткаруучуларды даярдоо борборунун башчысы Тынарбек Мурашов ээлеген кызматынан бошотулду. Аскер прокуратурасы тарабынан шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.