Кыргызстанда карын эне бизнесине тыюу салынабы?
Кыргызстанда карын эне бизнесине тыюу салынабы?
Published
Кыргызстанда карын энелик рыногун жөнгө салуу үчүн Жогорку Кеңеште эки мыйзам долбоору катары менен сунушталды. Августта депутаттар Болот Ибрагимов жана Чыңгыз Ажибаев Кыргызстан чет өлкөлүктөр үчүн карын энелик борборуна айланып баратканын айтып, бул кызматты Кыргызстандын жарандарына гана жеткиликтүү кылууну сунуштаган. Эми парламент төрагасы Марлен Маматалиев да ушундай эле демилге көтөрдү. Бирок анын долбоору саламаттыкты сактоо, үй-бүлө тууралуу эки мыйзамга жана кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүү киргизүүнү карайт.



