"Титаниктен" да чоң кеме сууга чөктүрүлдү

Видеонун түшүндүрмөсү, "Титаниктен" да чоң кеме сууга чөктүрүлдү
"Титаниктен" да чоң кеме сууга чөктүрүлдү
Published

Бир кезде дүйнөдөгү эң ылдам кеме деп саналган, узундугу боюнча "Титаниктен" да ашкан лайнер Флорида жээгинде сууга чөктүрүлдү. Ал деңиз жандыктары үчүн эң ири жасалма рифке айланууда.

SS United States кемеси дээрлик отуз жыл бою Филадельфия портунда токтоп турган. Активисттер Атлантика океанын көп жолу кесип өткөн тарыхый лайнерди музей катары сактап калуу үчүн күрөшүп келген, бирок андан майнап чыккан эмес.