Түркия: заводдогу жарылуудан 17 киши каза болду

Видеонун түшүндүрмөсү, Түркия: заводдогу жарылуудан 17 киши каза болду
Түркия: заводдогу жарылуудан 17 киши каза болду
Published

Түркиянын Измир шаарында жайгашкан темир-болот заводундагы жарылуудан 17 киши каза болду. Маалымат агенттиктери окуя боюнча беш киши кармалганын айтып жатат. Жарылуу 9-ноябрда болжол менен түшкү саат он экиде болгон. Президент Режеп Таййип Эрдоган окуя боюнча териштирүү башталганын жарыялады:

"Бүгүн түшкө маал Измирдин Алиага аймагынан өтө кайгылуу кабар келди. Темир-болот заводунда суюк темир куюлуп жаткан маалда жарылуу болуп, тилекке каршы 16 боордошубуз каза болду. Экөө оор абалда, жараат алган 13 киши дарыланып жатат".