Учак экинчи аракетте гана ийгиликтүү конду
Учак экинчи аракетте гана ийгиликтүү конду
Published
12-ноябрда Лондондун Хитроу аэропортуна конууга аракет кылган British Airways учагы учуу-конуу тилкесине куйругу менен эки жолу тийип кеткени айтылды. Учкучтар кайрадан асманга көтөрүлүп, экинчи аракетте гана ийгиликтүү конгон. British Airways компаниясынын өкүлү окуя тууралуу кыскача гана комментарий берди:
"Учак ийгиликтүү конду, биз авиация кырсыктарын тергөө бөлүмүнө (AAIB) жардам берип жатабыз. Мындан башка комментарий бере албайбыз".



