Искра: окуучуларга ким ок аткан?
Искра: окуучуларга ким ок аткан?
Published
Чүй облусунун Искра айылында пневматикалык мылтыктан жаракат алган эки өспүрүм Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда дарыланып жатат. Аларга азырынча операция жасала элек.
Бул окуяга шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Ал пневматикалык куралын өз ыктыяры менен милицияга тапшырып бергени белгилүү болду. Шектүү эмнеге балдарга ок чыгарганы азырынча белгисиз. Милициянын маалыматына караганда, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



