Депутат сүйгөнүнүн колун сурады
Депутат сүйгөнүнүн колун сурады
Published
Австралиялык саясатчы парламент трибунасында сүйгөнүнүн колун сурады. Залда отургандар аны кубаттап, кол чапты. Жордан Лэйн Жаңы Түштүк Уэльс парламентинен кетип жатканын бир ай мурун жарыялаган. Үйлөнүү сунушу анын бул парламенттеги акыркы сөзү болуп калды.
Маалымат агенттиктеринин айтымында, Натали Хиссей макулдугун берген соң Лэйн бул жоопту парламенттин расмий стенограммасына жазып коюуну өтүнгөн. Парламент спикери Грег Пайпер бул чакырылышты "сүйүү парламенти" деп атады.



