Кылмыштуу топко каршы күрөшкөн роботтор
Кылмыштуу топко каршы күрөшкөн роботтор
Published
Гаити менен Сальвадордун күч түзүмдөрү Порт-о-Пренс шаарындагы Сильвио Катор стадионунан кылмыштуу топту кууп чыгып, аталган жайды өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Расмий маалыматка караганда, бул стадион 2024-жылдан бери кылмышкерлердин көзөмөлүндө турган.
Сальвадор армиясы курал орнотулган төрт буттуу робот-иттерди операция үчүн колдонгон. Коомдук сайттарга жарыяланган видеолордон аскерлер менен жанаша баскан боз түстөгү, жонуна мылтык орнотулган роботторду көрүүгө болот.
Сальвадор президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, аскерлердин өмүрүн тобокелге салбоо үчүн армия бул технологияны колдонууда. Робот-иттер чалгындоо, издөө иштерине катышканы менен, операция учурунда ок чыгарган же чыгарбаганы белгисиз.



