Миллиондогон кызыл крабдын миграциясы
Миллиондогон кызыл крабдын миграциясы
Published
Австралиянын Рождество аралында (Christmas Island) 100 миллионго чейинки кызыл крабдын жыл сайын кайталануучу миграциясы башталды. Бул планетадагы эң таасирдүү жаратылыш кубулуштарынын бири.
Ургаачы крабдар адатта суу тартылып жаткан учурда океанга жумуртка (бир краб 100 миңге чейин) ташташат. Алардын коопсуздугу үчүн Parks Australia кызматкерлери айрым жолдорду убактылуу жаап, крабдар өтүүчү атайын көпүрөлөрдү жана жер алдында өтмөктөрдү орнотушат.



