Көзгө атар олимпиадачы Каныкей

Каныкей Кубанычбекова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныкей Кубанычбекова
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

21 жаштагы Каныкей Кубанычбекова кыргыз спортунун тарыхында ок атуу спорту боюнча кыздар арасынан биринчи жолу Олимпиада оюндарына жолдомо алды. 

Каныкей учурда Токио-2020га даярдык көрүп, күнүнө сегиз сааттан кем эмес машыгып жатат.  Тренери Виктор Суровцев Олимпиадага жолдомо алуу алар үчүн күтүүсүз болгону менен, көптөн күткөн кыялы болгонун айтып берди. Каныкейди ал 5-класстагы окуучу кезинен бери машыктырат. Жубайы Каныкейдин класс жетекчиси, ал эми өзү тренери болгондуктан, аны өз кызындай көрөт.

Каныкейдин видеобаянын мындан көрүңүз:

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы