Кыргызстанга атактуу ардагер футболчулардан кимдер келди?

Published

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

садыр жапаров

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент мелдештин башында жана аягында эки гол киргизди

30-август кечинде Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын ардагерлеринин курама командасы менен  Шериктеш өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасынын футбол боюнча беттеши 3:3 эсеби менен аяктады. Иш-чара Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган.

Бул мелдешке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын ардагерлеринин курама командасына кошулуп ойноп, эки гол киргизди. Оюн башталардын алдында Жапаров сөз сүйлөп, анда ардагерлердин футболду өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, жаш муунду спортко активдүү кызыгууга чакырды.  

Мындан сырткары, беттеш ата мекендик эстраданын өкүлдөрүнүн, ошондой эле белгилүү “Город 312” тобунун ырларды аткаруусу менен коштолду.

Мындай мелдеш кыргыз футболунун тарыхында алгач ирет өткөрүлгөнү менен күйөрмандардын кызыгуусун арттырууда. Убагында атагы таш жарган бир топ ардеген футболчулар келди. Алар кимдер?

Ринат Дасаев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ринат Дасаев Мексикада өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпионатында. 1986-жыл

Футбол күйөрмандарын кызыктырганы Шериктеш өлкөлөрүнөн келген футбол ардагерлеринин командасынын катарында дүйнөдөгү эң мыкты атактуу футбол дарбазачылардын бири аталган, Москва олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпионатынын үч жолку катышуучусу, кийин “Спартак” командасынын машыктыруучусу болгон 65 жаштагы Ринат Дасаев, советтик жана орусиялык атактуу футболчу, жарым коргоочу, Европа Кубогунун финалында ойногон, 50 жаштагы Россиянын эмгек сиңирген спорт чебери Дмитрий Аленичев, совет доорунда Тажикстандын “Памир” командасында ойногон, учурунда  Австрия, Германиянын командаларында ойногон, 62 жаштагы СССР спорт чебери Александр Азимов, Орусиянын эң мыкты футболчусу, Москванын "Спартак" клубунун жарым коргоочу жана машыктыруучусу, Россия чемпионаттарында эң көп топ киргизген бомбардири аталып, Орусиянын курама командасынын капитаны болгон 47 жаштагы Егор Титов, советтик жана армян футболчусу, жарым коргоочу, 20-кылымдагы Армениянын эң мыкты футболчусу аталган, СССР эл аралык класстагы спорт чебери, Москва олимпиадасынын коло байге ээси, Армения Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, 67 жаштагы Хорен Оганесян, Өзбекстандын “Пахтакор”, “Динамо”, Казакстандын “Трактор” командаларында  ойногон, СССР спортунун чебери, олимпиада чемпиону Алина Кабаеванын атасы,  кийин Татарстандын “Рубин” командасында машыктыруучулук менен алектенип, учурда Эл аралык Ислам Бизнес Ассоциациясын жетектеген 61 жаштагы Марат Кабаев, тажикстандык жана орусиялык футболчу, “Памир” (Дүйшөмбү), «Спартак» (Москва), «Торпедо» (Москва), «Локомотив» командаларында жарым коргоочу жана чабуулчу болгон СССР спорт чебери, кийин Тажикстандын башкы устаты болгон, 56 жаштагы Мухсин Мухамадиев, орусиялык  жарым коргоочу, Орусиянын эмгек сиңирген спорт чебери, Орусиянын эки жолку чемпиону (2005, 2006), Орусия кубогунун беш жолку жеңүүчүсү (2005, 2006, 2008, 2009, 2011), 2005-жылы УЕФА кубогунун жеңүүчүсү, 42 жаштагы Евгений Алдонин, белорусиялык атактуу футболчу, коргоочу, жарым коргоочу, СССР спорт чебери, Түркия жана Кытай футбол клубдарында ойногон 54 жаштагы Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Дмитрий Аленичев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дмитрий Аленичев "Порту" клубу менен УЕФА Чемпиондор лигасын жеңген. 2004-жыл, Германия

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында даңазалуу “Алга” командасынын катарында ойногон, СССР спортунун чебери, Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери, 71 жаштагы Владимир Орешин, Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону жана кубогунун ээси, Казакстандын кубогунун ээси, атактуу дарбазачы, 50 жаштагы Закир Жалилов, СССРдин чемпионаттарында Фрунзенин "Алганын" катарында ойногон, СССР спорт чебери, 64 жаштагы Комол Тайчиев, 1988-жылкы Сеул олимпиадасынын чемпиону, кыргызстандык атактуу футболчу, учурда Германияда ишкерлик кылган 61 жаштагы Сергей Фокин, Бишкектин “Алга”, Оштун “Алай”, Казакстандын "Астана" ,  Талдыкоргандын "Жетисуу" командаларында ойногон, таанытал футболчу, “Нефтчи" (Кочкор-Ата) командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген 60 жаштагы Нематжан Закиров, Бишкектин “ Алга”, Өзбекстандын "Нефтяник" (Фергана)  командаларынын катарында ойногон , СССР сорт чебери, 62 жаштагы Ясын Мусаев, Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Казакстан жана Орусия футбол клубдарында ойногон, учурда машыктыруучу, 47 жаштагы Валерий Березовский, АФК президентинин кубогунун жеңүүчүсү,Кыргызстандын көп жолку чемпиону , өлкө кубогунун  жеңүүчүсү, Кыргызстандын жогорку лигасында "Дордойдун" курамында 59 гол киргизген, спорт чебери, 49 жаштагы Марлен Касымов, Кыргызстандын эки жолку чемпиону,  63 жаштагы Сергей Лисичкин, Кыргызстандын жогорку лигасындагы карьерасында 153 гол киргизген, өлкөнүн көп жолку чемпиону 46 жаштагы Вячеслав Прянишников жана башкалар бар. Команданын башкы машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат, учурунда “Алга” командасында ойногон Борис Подкорытов.

Закир Жалилов

Сүрөттүн булагы, KFU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Закир Жалилов Кыргызстан чемпионатынын бир нече жолку чемпиону жана Казакстан кубогунун жеңүүчүсү

Ошондой эле Кыргызстандын  ардагерлерден тандалган командасынын катарында өлкө президенти Садыр Жапаров да ойногону футбол күйөрмандарын кызыктырды. Ал дагы жаш кезинен бери футбол ойноп, Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясынан билим алган. Быйылтан баштап футзал боюнча республикалык мелдештерге катышып, мыкты чабуулчу аталып, атайын сыйлыкка арзыган.

"Садыр Жапаров кечээ машыгууга келди. Ал мурда футзал мелдештеринде чеберчилигин көрсөткөн. Айрым футбол ардагерлерине караганда президент табында экен. Жакшы оюн көрсөтөт деп ишенем", - деген команданын устаты Борис Подкарытов оюнга чейин.

Ошондой эле Кыргызстандын ардагерлер командасынын катарында  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы  Камчыбек Ташиев менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамангулов дагы ойномок болушкан. Бирок Ташиев оюнга чыккан жок.

"Мурас" турнири

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Быйыл май айында "Мурас" аталыштагы футзал боюнча турнир өткөн
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эске салсак, Бишкек шаарында быйыл 4-5-май күндөрү ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнүн катышуусундагы футзал боюнча "Мурас" аталышындагы достук мелдеши болуп өткөн. Анда Садыр Жапаров баштаган "Президенттин администрациясы" жеңишке жетишип, 1 миллион сомдук акчалай сыйлыкка ээ болушкан.

Садыр Жапаров мелдештен кийин сүйлөгөн сөзүндө акчалай сыйлык жетим балдар үйүнө тапшырыларын жана бул жалпы команданын чечими экендигин билдирген. Жыйынтыгында  Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1 миллион сом тапшырылган.

Былтыр, 2021-жылдын 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча “Достук” мелдеши өткөн. Беттештерге Президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышкан.

Бул турнирде 9 гол киргизген президент Садыр Жапаров беттештин бомбардири аталган.

Ал эми башкы Байге – кубокту “Өнөр” командасы алса, экинчи орунду “Алга”, үчүнчү орунду “Президенттин администрациясы” командасы ээлеген.