"Мен камагыла деп айтпайм". Жапаровдун сөз эркиндиги жөнүндө пикири, эксперттердин реакциясы

Президент Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар деп эсептейт

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар деп эсептейт
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

"Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигин эске албаганда, президент медиа өкүлдөрү менен өтө сейрек маектешет. Ушул тапта Журналист Али Токтокуновго берген интервьюсу талкууда. Биз алардын бир бөлүгүнө гана токтололу. "Медиахабдын" жетекчиси Садыр Жапаровго адам укуктары, сөз эркиндиги жөнүндө да суроо узатты. Ал азыркы бийликтин тушунда ондогон жарандык активисттер, журналисттер, саясатчылар пикири үчүн кармалганы президенттин негизги кемчилиги катары сыпатталып жатканын айтты. Садыр Жапаров туура эмес маалымат тараткандар, бирөөнүн беделине шек келтиргендер жооп берерин, камалгандарга мыйзам чегинде чара көрүлүп жатканын жүйө келтирди. Жарандык коом өкүлдөрү президенттин маегине реакция жасашып, пикири үчүн камалгандарга мыйзам туура эмес колдонулуп жатканын, сотторго карата элдин ишеними бекемделди деп айтуу алешемдик болуп каларын эске салышууда.

Садыр Жапаров менен болгон бир саат кырк беш мүнөттүк маектин он мүнөттөн бир аз ашыгыраагы адам укуктары, сөз эркиндиги жана сот адилеттигине арналган.

Садыр Жапаров "популист" саясатчылардын жолун жолдогон айрым активисттер жана журналисттер бийликти жөнү жок сындап, элди көчөгө чыгууга үндөгөндүктөн, аларга мыйзам чегинде чара көрүлүп жатканын айткан.

"Система түзүлдү да. Мыйзамдар өзгөрүлдү. Президенттик башкаруу болду. Жоопкерчилик пайда болду. Эгерде туура эмес маалымат таратсаң, жооп бересиң, бирөөнүн беделине шек келтирсең, жооп бересиң.

Туура эмес маалымат тараткандарды камап жаткандарын көрдүм. Эми аларды мен каматкан жокмун да. Мен камабайм, кама деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Тартип болуш керек да", - деген президент.

Маектешүү учурунда ырчы, акын Аскат Жетиген жөнүндө да сөз болгон. Ал 2024-жылы Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси боюнча 3 жылга соттолгон. Быйыл 19-августта эркиндикке чыгат. Али Токтакунов акындын бийлик өкүлдөрүн сөккөнү үчүн камалып кеткени канчалык негиздүү экенин сураган.

"Билбейм. Мени кимдер гана сөккөн жок. Бирине да көңүл бурган жокмун. Тим койгула деп коем. Бирок анын башка чакырыгы болушу мүмкүн, уюштуруп жаткан иши болушу мүмкүн, чакырыгы болушу мүмкүн да. Көчөгө чыккыла, анткиле-минткиле деп жатса, ал үчүн жооп бериши керек да", - деп жооп берген Садыр Жапаров.

Жапаров бийликти күч менен басып алууга чакыруу жана аймак аралык кастыкты козутуу айыбы менен үч жарым жылга соттолгон жалгыз бой эне, мигрант Каныкей Аранова жөнүндө сөз болгондо, ал тууралуу билбестигин айтып, анын ишин карай турганын билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент айкөл жана кечиримдүү экенин дагы бир жолу кайталап, буга мисал катары, камактагы мурдагы президент Атамбаевди бошотконун, бирок ал кыянаттык кылып, эми уулу түрмөдө турганын белгиледи:

"Жатып алып, жазда революция кылабыз, күздө революция кылабыз деп, көрүнгөндөн акча топтоп, тигиге-буга таратып жатып, өз колу менен өзүнүн жакындарын түрмөгө тыккандар бар. Менин ордумда болсо, алар түрмөгө чиритмек. Ал киши (ред.-Атамбаев) мага атаандаш боло албайт. Аздыр-көптүр иштеди эле, эл башкарды эле деген мааниде бошотсом, өзүнүн жакынын, бала-чакасын түрмөгө тыкты. Мен тыккан жокмун. Каматкан жокмун".

Сот адилеттүүлүгү жөнүндө кеп болгон президент аймактарда аларга карата 70-80 пайыз ишеним пайда болгонун билдирди. Ошол эле маалда саясий иштерде соттор Ак үйдөн көз каранды болушу мүмкүн экенин да четке каккан жок.

"Соттор Ак үйдү карашы мүмкүн. Ошол сиз айтып жаткан саясий маселелер болсо. Мындай маселелер жалпы республика боюнча каралып жаткан иштердин 0.001 пайызы эле болушу мүмкүн. Бул Бишкекте эле".

"Президентке өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу толук картина жетпей жатабы деген суроо бар"

Саясат талдоочулар, активисттер мыйзам туура эмес колдонулган, сот адилетсиз чечим чыгарган учурлар көп экенин айтышып, президентти ушул маселеге көңүл бурууга чакырышууда.

"Анткени президент мен камаган жокмун, мыйзам чегинде камалышты деп айтып жатпайбы. Бирок мыйзам туура эмес колдонулуп жаткан көптөгөн учурлар бар. Аша чапкан жазалоо ыкмасы колдонулуп жатканын ошол эле Аскат Жетигендин, Каныкей Аранованын жана башкалардын жакындары, жактоочулары, юристтер белгилеп келишет. Президент алар элди козутуп, дүрбөлөңгө салууга аракет жасашты деп жатпайбы. Менимче, элдин баары эле билет, алар элди дүрбөлөңгө салган эмес, пикирин гана билдиришкен, айткандары сөз боюнча гана калган. Албетте, бул маселелер дагы көбүрөөк талкууланышы керек. Шайлоо жакындаган сайын буга президент көбүрөөк көңүл бурса, менимче, ошол өзү айтып жаткан сот адилеттигинин, мыйзам адилеттигинин орношун, жакшырышын көрүшүбүз керек, буюрса", - дейт саясат талдоочу Эмир Жураев.

"Президент Каныкей Аранова тууралуу билбей турганын айтты. Бирок анын ишин карап көрөйүн деп жазып алганы жакшы нерсе. Бул президентке өлкөдө болуп жаткан окуялардын толук картинасы жетпей жатканынын белгиси. Ошондуктан ал көз карандысыз журналисттер, жарандык коом өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө даяр экенин көрсөтсө жакшы болмок. Өзгөчө президенттик шайлоого утурлай. Экинчиден, президент эл сотторго 70 пайыз ишенет деп айтты. Мен буга көп ынана бербейм. Андай чоң ишеним жок деп ойлойм. Бул дагы президентке өлкөдө болуп жаткан окуялар жетпей жатабы деген суроону жаратат. Бул президент өзү ар кандай булактардан маалымат алышы керек дегендин белгиси деп айтсак деле болот", - деди журналист, жарандык активист Адил Турдукулов.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча соңку баяндамасына ылайык, Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу эки баскычка ылдыйлап, 180 өлкөнүн ичинен 146-сапка жайгашкан.