Ош мэринин Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу тууралуу айтканы талкууга түштү

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу тууралуу айтканы коомдо чоң талкуу жаратты. Кийин Акаев түшүндүрмө берип, буга чейинки оюнан кайтканын айтты. Сулайман-Тоонун аймагына курулуштарды салуу маселеси, анын буфердик аймагын кыскартуу демилгеси буга чейин да бир канча жолу көтөрүлгөн.
Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин айтымында, Сулайман-Тоонун айланасын оңдоп-түзөө жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча сунуштар ЮНЕСКОнун талаптарына байланыштуу ишке ашпай жатат.
"Өткөндө Нариман Түлеев Ошко келген. Ал Сулайман парк деп, чоң соода борборун куруп жатат. Ал Сулайман – Тоодон аркан жол – фуникулер курайын, Сулайман парктын үстүнөн Сулайман – Тоонун чокусуна барып, сүрөткө түшүп, кайра чыгып, артка келе турган кылып, курайын дейт. Ой, сонун болбойбу десек, ЮНЕСКО уруксат бербейт Сулайман – Тоого курулуш кылганга болбойт деп. Биз айтып жатабыз, ал жерге үч эле устун тургузулат деп. Жок, болбойт, бул курулуш болуп эсептелет дейт. ЮНЕСКО тарабынан абдан тоскоолдук көп да. Эми ал план болгон жок, анткени ЮНЕСКОнун өкүлдөрү каршы чыгып жатат. Сулайман-Тоонун тегерегине инвестициялык долбоорлорду алып келсек, ЮНЕСКО аны да карап көрөлү дейт. Бир сом акча бербейт, бирок Сулайман-Тоо дүйнөлүк мурастар тизмесинде дешет. Сулайман-Тоону тегерете жол куралы десек, "аны да карап көрөлү" дейт. Ошондуктан мен азыр Маданият министрлигине оозеки айтым: эл аралык уюмдар, эл аралык коомчулук сөксө бизди, Ош шаарынын мэриясын сөксүн, бирок ЮНЕСКОдон чыксак чыгып эле кетиличи дедим", - деген мэр журналист Семетей Аманбековго берген маегинде.
24-августта "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Акаев бул анын жеке пикири болгонун түшүндүрдү.
"Бул Министрлер кабинетинин же "Ынтымак ордонун" позициясы эмес. Мен көз карандысыз журналистке интервью берип жатып, мэр катары оюмду айттым. Анткени мен бир канча жолу Сулайман-Тоодо болдум. Дрон менен көрүп, жөө кыдырып. Сулайман-Тоонун өзүнө эмес, анын астына тротуар салып, веложол куруп, жашылдандыралы деген ойдо болгонбуз. Анан биздин кызматкерлер, баары тең эле "ЮНЕСКО уруксат бербейт деп айтышат. Ар бир ташын макулдашышыбыз керек" дешет. Минитрликке кат дагы жазып көрдүк. Биз кантип эле Сулайман-Тоону базар кылып, кафе салып башаламандыкка жол бермек элек. Биз деле жакшы ой менен, Сулайман-Тоонун астын тегеретип, салсакпы деп ойлодук элек да. Шаардыктар велосипед тээп, жөө басып жүрсө деп. Бирок эми коомчулуктун пикирин көрдүм. Сын пикирди дагы уктук. ЮНЕСКОго да кирүү өзү оңой нерсе эмес. Археологдордун. маданитя өкүлдөрүнүн да сын пикирин уктук", - деди Акаев.
Мэр Министрлер кабинети ага Сулайман-Тоого байланыштуу шашылыш чечим кабыл албоону билдиргенин да кошумчалаган.
Ал арада Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси билдирүү жарыялады. Анда мекеме тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине 2009-жылы "Сулайман-Тоо — Ыйык Тоо" номинациясы менен киргизилгенин эске салды.
Музейдин маалыматына караганда, Сулайман-Тоо Кыргызстандын "Стратегиялык объектилер жөнүндө" мыйзамына ылайык "В" категориясындагы объект болуп саналат жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча мыйзамдар менен корголот.
Комплекстин билдирүүсүндө жылына 350 миңден ашуун адам зыярат кылары айтылат. Музейдин маалыматы боюнча, Сулайман-Тоонун тарыхый жана жаратылыш келбетин сактоо үчүн аймакта ага зыян келтире турган курулуштарга жол берилбейт.
"Ошого байланыштуу Сулайман-Тоо аймагында аркан жол салууга да жол берилбейт", - деп айтылат билдирүүдө.
Музей комплекси тоону "табигый жана тарыхый турпаты менен гана сактоо керектигин" билдирип, ашыкча курулуштарга мыйзамда белгиленген нормаларга ылайык уруксат берилбей турганын айтты.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мурдагы маданият министри, ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси Султан Раев да Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу сунушуна байланыштуу пикирин билдирди. Ал Сулайман-Тоону дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн иштегендердин бири катары бул маселе өзү үчүн маанилүү экенин айтты.
"Бу маселе жеке мен үчүн өтө маанилүү, өтө көйгөйлүү, өтө жүрөгүмө жакын маселе. Дүйнөлүк мурастар Тизмесине кирүү, жалпы адамзаттык мурастар объектиси катары дүйнөгө таанылуу жөн-жай иш эмес! Образдуу айта турган болсок, өлкөбүздүн эгемен тарыхындагы эң зор маданий жетишкендигибиз десек, биз биринчи кезекте Сулайман Тоонун ЮНЕСКОнун кадыр-барктуу маданий мурас, руханий объектиси катары таанылганын айтар элек! Кыргыз эгемендүүлүгүнүн Ыйык символдору желек, гимн, герб сыяктуу эле Улуттук символубуздун бири - "Сулайман Тоо".
Раевдин пикиринде, "Сулайман-Тоо - Ыйык Тоо" номинациясы дүйнөдө сейрек кездешерин белгиледи.
"Сулмайман Тоо мурастар тизмесине "Сулайман Тоо - Ыйык Тоо" деген номинация менен кирди. Мындай аталыштагы номинация дүйнө боюнча болгону эки-үч! Бул маселенин актуалдыгын өзгөчө басым менен айта турган факт, атактуу Жапониянын Фудзияма тоосу өтпөй-өтпөй жүрүп, Сулайман Тоодон кийин бир нече жылдан соң өттү! Фудзияма дүйнөлүк тизмеге кабыл алынышын жапондор улуттук майрам, жеңиш катары жогорку деңгээлде белгиледи! Ачыгын айтуу керек, 2009-жылы бизге, биздин топко "Рахмат!!" деген сөз да, жарты барак алкыш катта ыраа көрүлгөн жок! Албетте, кеп анда эмес, бирок жумушчу топтун 10 жылга тете мээнети кетти! Акырында бир сөз менен айтканда "Сулайман Тоо -Ыйык Тоону" коргоо Мекенди коргоого барабар парз экенин түшүнө турган да, баалай турган да замандабыз", - деди Султан Раев.
Сулайман-Тоо Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Анын айланасы эки жол менен белгиленип корголуп турат. Биринчиси корук аймагы деп аталат. Ал тоонун айланасындагы Курманжан-Датка, Навои, Гапар Айтиев көчөлөрү менен курчалган 134,7 гектарды түзөт. Экинчиси буфердик аймак. Ал беш миң гектарга чукул аймакты өзүнө камтып, Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн бир четин, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бир бөлүгүн ээлеп турат.
Былтыр Министрлер кабинетинин алдында атайын комиссия түзүлүп, Сулайман-Тоонун буфердик аймагын кыскартуу боюнча долбоор иштелип жаткандыгы айтылган. Жумушчу топтун курамына музейдин жетекчилиги, Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, тарыхчылар, археологдор кирген. Алар буфердик аймакты кыскартуу боюнча атайын сунуш даярдап, ЮНЕСКОго жибермек. Бирок бул комиссиянын ишинин жыйынтыгы эмне болгону белгисиз. Ал кезде Ош шаарын Жеңишбек Токторбаев жетектеп турган.






























