You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Франциянын түндүгүндө унаа адамдарды сүзүп, эки киши каза болду
Франциянын түндүк-батышындагы Кан шаарында темир жол вокзалынын жанында унаа адамдардын тобун сүзүп кетип, эки адам каза болду, дагы 10 адам жаракат алды. Француз басылмаларынын маалыматына караганда, унааны Орусияда туулган эркек адам башкарып бара жаткан.
Окуя шаршемби күнү кечинде болгон. "Унаа вокзалдын маңдайындагы жөө жүргүнчүлөрдү атайылап сүзгөн", - деди префект Давид Клавье журналисттерге. Анын айтымында, жабыркагандардын жетөө оор абалда.
AFP агенттигинин маалыматына караганда, жабыркагандардын баары 17 жаштан 40 жашка чейинки эркектер. Euronews басылмасынын маалыматы боюнча, алар вокзалдын жанындагы аялдамада трамвай күтүп турушкан. Каза болгондордун бири 18-19 жаштагы, "ооган улутуна окшош" жаш жигит болгон.
Окуяга күбө болгон адам BFM телеканалына жабыркагандардын көпчүлүгү ооган тектүү экенин айтты. Дагы бир күбөнүн айтымында, жабыркагандар отургучта отурган учурда унаа келип сүзгөн.
Шектүү - Орусияда төрөлгөн 26 жаштагы эркек киши. Ал окуя болгон жерден болжол менен 20 чакырым алыстыкта жайгашкан порттук Уистреам шаарында кармалган.
Шектүүнүн Орусиянын кайсы жеринде төрөлгөнү жана Францияга качан келгени азырынча белгисиз.
Кан шаарынын мэри Аристид Оливье жергиликтүү басылмаларга унаа шаардык видеокөзөмөл системасы аркылуу аныкталганын билдирди.
Мэрдин айтымында, тергөөчүлөр айдоочунун аракетине эмне түрткү болгонун аныктоого аракет кылып жатышат. Күбөлөрдүн айтымында, окуяга чейин адамдардын эки тобунун ортосунда мушташ болгон.
"Азырынча бул окуянын артында террордук себеп бар деп эсептөөгө негиз жок, бирок тергөө жаңы гана башталды", - деди Кан шаарынын коопсуздук кызматынын жогорку кызматтагы өкүлү Бруно Кутансо.
Анын айтымында, кармалган адам буга чейин атайын кызматтардын көңүлүнө түшкөн эмес. Полиция аны "жол кыймылынын эрежелерин бузган учурлары боюнча гана" билген.
Полиция окуя боюнча тергөөнү баштады. Тергөө иштерин Кан шаарынын өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн тергөөчүлөрү жүргүзөт.