"Жунглинин мыйзамынан баш тарталы". Бишкек саммитинде эмне жөнүндө кеп козголду?

Сүрөттүн булагы, president.kg
Бишкекте 1-сентябрда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракелик саммитинде негизги көңүл дүйнөлүк коопсуздукка, көп полярдуу дүйнөнүн калыптанышына бурулду.
"ШОС плюс" форматындагы жыйындын өзөгүн БУУнун эл аралык иштердеги борбордук ролун сактоо жана күчөтүү маселеси түздү окшойт. Катышуучулар азыркы дүйнөдөгү саясий жана экономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу БУУнун институттарын, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоо зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эл аралык чечимдерди кабыл алуудагы таасирин кеңейтүү маселеси көтөрүлдү.
Ошентип, Кыргызстан өзгөчө даярдык көргөн ири эл аралык иш-чара аягына чыкты. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башчыларынын саммити дүйнөдө геосаясий чыңалуу күчөп, Украинадагы согуш уланып, Жакынкы Чыгышта жаңы кагылышуулар жүрүп жаткан татаал шартка туш келди.
Шерине жабык өттү. Кийин мамлекет башчылардын сүйлөгөн сөздөрүнүн тексти гана жарыяланды. Ал эми "ШКУ плюс" форматындагы жыйын түз эфирде көрсөтүлүп, мамлекет башчылар дүйнөдөгү чыңалган кырдаалды талкуулашты.
Саммит "БУУ адилет дүйнөлүк тартиптин негизги элементи катары: "ШКУ плюс" мамлекеттеринин көп полярдуу дүйнөнү калыптандырууга кошкон салымы" деген аталышта өтүп, жыйындын фокусу дал ушул нукта болду.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин дүйнө болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатканын айтып, Глобалдык Түштүктүн тез өнүгүшү дүйнөдөгү күчтөрдүн тең салмагын түп-тамырынан өзгөрткөнүн белгиледи. Ал тирешүүгө эмес, тең укуктуулукка, диалогго жана кызматташтыкка басым жасоого чакырды:
"Биз жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүп, кош стандарттардан, өзгөчөчүлүктөн, кийлигишүүдөн, куугунтуктоодон жана "жунглинин мыйзамынан" баш тартып, эл аралык мамилелерди демократиялаштырууну илгерилетүүгө тийишпиз. Айрыкча ири мамлекеттер эрежелерди жана мыйзамдын үстөмдүгүн сактоодо үлгү көрсөтүп, глобалдык көйгөйлөргө биргелешип каршы турууга салым кошууга тийиш".
Орусия президенти Владимир Путин чыныгы адилеттүү көп полярдуу дүйнөлүк тартипти калыптандыруу жөнүндө кеп кылып, бул процесс объективдүү мүнөзгө ээ экенин, ошондой эле артка кайткыс жараян болуп саналарын айтты. Украинадагы жаңжал тууралуу ачык кеп кылган жок.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Көптөгөн мамлекеттер өз тагдырын өз алдынча аныктоого, мыйзамдуу кызыкчылыктарын чечкиндүү түрдө коргоого жана эл аралык турмушка жигердүү катышууга умтулууда. Муну эске алуу менен БУУнун бириктирүүчү жана жаратман ишмердигине болгон талап абдан жогору. Дүйнөлүк уюм кызыкчылыктарды макулдашуунун негизги механизми катары өзүнүн функцияларын сөзсүз сактап калууга тийиш".
Орусия президенти Владимир Путин мындан мурдараак, ШКУ саммитинде куралдуу жаңжалдардын алдын алууну күчөтүү керектигин айткан. ШКУ плюс жыйынында БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш орус-украин согушун токтотууга мезгил жеткенин билдирди:
"Төрт жылдан ашуун убакыттан кийин Украинада ок атышууну толук жана дароо токтотууга убакыт келди. Бул эл аралык укукка, анын ичинде БУУнун Уставына жана тиешелүү резолюцияларга ылайык, адилеттүү, бекем жана ар тараптуу тынчтыкка жетишүү боюнча сүйлөшүүлөргө жол ачмак".
Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф Газадагы кырдаалга, палестиндердин абалына көңүл бурду:
"Газадагы жана Батыш жээктеги кырдаал да өтө туруксуз бойдон калууда. Эл аралык коомчулук палестин элинин азап-тозогуна чекит коюп, алардын тынчтыкта жашоо укугун камсыз кылууга тийиш. Ошол эле укуктар кысымга кабылып жаткан бардык мамлекеттерге жана бардык элдерге да берилиши керек".
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Кошмо Штаттардын чабуулу БУУнун уставнын жана эл аралык укуктун принциптерин бузуу болуп эсептелерин айтты:
"Иран согуштун демилгечиси болгон эмес. Тескерисинче, ал өзүн коргогон. Ошол эле учурда Иран дипломатияны жана сүйлөшүүлөрдү пикир келишпестиктерди жөнгө салуунун негизги жолу катары мурдагыдай эле карайт. Бирок ак ниетсиз, кабыл алынган милдеттенмелерди урматтабаган жана күч колдонуудан баш тартпаган дипломатия туруктуу тынчтыкты камсыз кыла албайт".
ШКУ лидерлери АКШ менен Израилдин Иран менен согушу башталгандан бери биринчи жолу чогулуп жатышат. Кошмо Штаттар бул чабуулдар Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектөөнү көздөрүн айтып келет.
"Биз кризис куралдуу тирешүүгө айланганга чейин аракет кылууну үйрөнүшүбүз керек"
Уюм үчүн Борбор Азиянын орду өзгөчө маанилүү. Анткени ШКУ чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөө, чек ара маселелерин жөнгө салуу жана мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулган. Бүгүн да Борбор Азия Кытай, Орусия жана Түштүк Азияны байланыштырган стратегиялык аймак катары ШКУнун маанилүү бөлүгү бойдон калууда.
Саммитте Садыр Жапаров Кыргызстан көп полярдуулукту глобалдык маселелерди чечүүгө катышкан мамлекеттердин чөйрөсүн кеңейтүү, өнүгүүнүн ар түрдүү жолдорун, маданияттарды жана салттарды урматтоого негизделген процесс катары карай турганын баса белгиледи:
"Биз саясий пикир келишпестиктер кризиске, ал эми кризис куралдуу тирешүүгө айланганга чейин аракет кылууну үйрөнүшүбүз керек. Бул үчүн тараптардын позициялары олуттуу айырмаланган учурларда да байланыш каналдарын сактоо зарыл".
Талдоочу Венера Сайпидин ШКУ саммитинде каралган эки маселеге көңүл бурду. Биринчиси, жасалма интеллект. Экинчиси, согуштарды ооздуктоо:
"Жасалма инттелектин илимде, өндүрүштө, технологияда жана согуш күчтөрүндөгү орду өзгөчө белгиленди. Демек, бул мамлекеттер жасалма интеллектке юир топ ресурстарын жумшай турганы белгилүү болуп калды окшойт. Дагы бир орчундуу маселе, акыркы учурда дүйнөлүк эконмиканы кризиске кептеген, бардык мамлекеттердин көйгөйү болуп калган орус-украин маселесине бул мамлекеттер кайрылбай кое алмак эмес. Пакистан, Индия, Кытай сыяктуу мамлекеттер бул маселеге кайрылбай кое алмак эмес. Согуш узакка созулган сайын азык-түлүк коопсуздугунан баштап, башка көйгөйлүү маселелерди жаратып жатат".
Шанхай кызматташтык уюму Кытай, Орусия, Индия, Пакистан сыяктуу өзөктүк куралы бар өлкөлөрдү, Борбор Азиянын төрт мамлекетин, Иран жана Беларусту бириктирген шаркет.
Уюмга эми Пакистан төрагалык кылат.























