Эгемендик: 35 жылда Борбор Азия өлкөлөрү эмнеге жетишти?

Сүрөттүн булагы, KAZAKHSTAN PRESIDENCY / HANDOUT
- Author, Санжар Эралиев
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 7 мүнөт
35 жыл мурда Советтик Орто Азиянын ордунда беш көз карандысыз мамлекет пайда болгон. Алар азыр Борбор Азия деп аталат. Бир саясий системадан чыккан мамлекеттер эгемен турмушту бир убакта баштаганы менен, басып өткөн жолу, оош-кыйышы бири-биринен айырмаланат. Бири табигый байлыктарына таянды. Башкасы экономикада мамлекеттик катуу көзөмөлдү сактап калды. Башкасы эркиндикке жана саясий өзгөрүүлөргө багыт алды. Дагы бири согуш менен туруксуздукту баштан өткөрүүгө мажбур болду. 35 жылдык эгемендик бул беш өлкөнү кайда алып келди? Алар тандаган экономикалык жана саясий жолдор кандай жыйынтык берди?
Беш мамлекет - беш башка жол
1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп Эгемендүүлүк декларациясын кабыл алган. Дал ушул күнү Өзбекстан да өз көз карандысыздыгын жарыялаган.Арадан көп өтпөй Тажикстан, Түркмөнстан, эң аягында Казакстан да көз карандысыз мамлекеттердин катарына кошулган.
Талдоочу Руслан Акматбектин айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү көз карандысыздыкка бир жылда ээ болуп, эркиндикти бир чекиттен баштагандай көрүнгөнү менен, алардын старттык мүмкүнчүлүктөрү бирдей болгон эмес.
"Борбор Азия өлкөлөрү көз карандысыздыкка бир жылда ээ болуп, эркиндикти бир чекиттен баштагандай көрүнөт. Баарынын тең өзүнчө тарыхы бар. Бирок эгемендикке ээ болгон учурда баарынын эле старттык мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес болчу".
Талдоочу Алишер Илхамовдун пикиринде, Советтер Союзунан Борбор Азия мамлекеттерине кризиске учураган пландуу экономика мураска калган.
"Советтер Союзунан Борбор Азия мамлекеттерине каатчылыкка учураган пландалган экономика мураска калган. Ал өз натыйжалуулугун жоготкондуктан, базар мамилелерине өтүү зарыл эле, бирок муну кантип ишке ашыруу керектиги белгисиз болчу. Ошол эле учурда, мамлекеттер квалификациялуу кадрларды жана өлкө аймагын көзөмөлдөй алган күчтүү башкаруу аппаратын да мурастап калышкан. Экономикалык каатчылык узакка созулганына карабай, бул өткөөл мезгилде белгилүү бир деңгээлде туруктуулукту сактоого жана мамлекеттердин ыдырап кетишине жол бербөөгө кызмат кылды. Муну оң жагы деп бааласа болот".
Казакстан: мунайга таянган модель
Талдоочулардын пикиринде, экономикалык өнүгүү жолдорундагы айырмачылыктар Казакстандын мисалында даана көрүнөт. Мамлекет мунай менен газдан таяныч таап, чөлкөмдөгү эң ири экономикага айланды жана эми энергетикадан башка да тармактарды өнүктүрүүгө аракет кылууда.
Алишер Илхамовдун айтымында, Казакстан экономикасын реформалоону жана аны базар мамилелерине өткөрүүнү эрте баштаган.
"Казакстан негизинен өз экономикасын реформалоону жана аны базар мамилелерине өткөрүүнү эрте баштаган. Бул биринчи жана экинчи он жылдыктардын аягында өз жемишин берди. Казакстан экономикалык өнүгүү жагынан кескин алдыга озуп кетти. Анткени ал жакта базар экономикасы башка өлкөлөргө караганда, өзгөчө Ислам Каримов реформаларды созуп, аларды чыныгы мааниде ишке ашырбаган Өзбекстанга караганда тезирээк иштей баштаган".
Эгемендик жылдарында борбор шаар Алматыдан Астанага көчүрүлүп, өлкөнүн жаңы саясий борбору курулду. 35 жылдык тарыхта президенттик бийлик да бир жолу алмашты. Ал эми 2022-жылдагы Январь окуялары өлкөнүн көз карандысыздык тарыхындагы эң кандуу саясий каатчылыктардын бири катары калды.
Өзбекстан: жабык моделден башталган жол
Өзбекстан болсо эгемендүүлүктүн алгачкы чейрек кылымында башкачараак жолду тандады.
Узак жылдар бою экономикада мамлекеттин ролу күчтүү бойдон калды. Саясий жана экономикалык система да салыштырмалуу жабык болчу. Бул кырдаал 2016-жылы биринчи президент Ислам Каримов дүйнөдөн кайтканга чейин уланды.
Каримовдун башкаруу доорунда Өзбекстан экономикасындагы өзгөрүүлөр баскыч-баскычы менен ишке ашырылды.

Сүрөттүн булагы, COURTESY
Алишер Илхамовдун айтымында, күчтүү мамлекеттик башкаруу аппаратын эң көп пайдаланган жетекчи Ислам Каримов болгон.
"Күчтүү мамлекеттик башкаруу аппараты факторунан эң көп пайдаланган жетекчи Ислам Каримов болду. СССР тарагандан кийинки алгачкы жылдары, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, Өзбекстан калктын белгилүү бир турмуш деңгээлин камсыздай алды. Буга борборлоштурулган аппаратты, пландалган экономиканын айрым элементтерин жана чакан деңгээлдеги базар экономикасы принциптерин сактап калуу аркылуу жетишишти".
Эксперттер Өзбекстан менен Казакстан геосаясий ордун чыңдоого аракет кылып жатканын белгилешет.
Өзбекстанда эгемендик жылдарындагы Анжиян окуялары өлкө тарыхындагы эң оор саясий окуялардын бири болду. Ал эми 2022-жылы Нукустагы нааразылык акциялары да курмандыктар менен аяктаган олуттуу каатчылык катары тарыхта калды.
Кыргызстан: саясий өзгөрүүлөрдүн жолу
Кыргызстан эгемендик жылдарында чөлкөмдө эң көп саясий өзгөрүүлөрдү баштан өткөргөн өлкө бири болду.
Мамлекет көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында жеке секторго жана соодага кенен жол ачты. Дүйнөлүк соода уюмуна да биринчилерден болуп мүчө болду.
Журналист Сарвар Усман Кыргызстанда 35 жыл ичинде бир нече ири саясий өзгөрүү болгонун белгилейт.
"35 жылдын ичинде үч төңкөрүш болду. Азыр өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат – Садыр Жапаров".
2005, 2010 жана 2020-жылдардагы ири саясий толкундоолор бир нече ирет бийликтин алмашуусуна алып келди. Элдик көтөрүлүштөрдө ондогон адамдар да каза тапты.
"Кыргыз эли бул үч төңкөрүштү баштан кечирүү менен өзүнчө иммунитет калыптандырды", - дейт Сарвар Усман.
Чөлкөмдөгү жалгыз аял президент да дал ушул өлкөнү башкарды. Ал эми 2010-жылдагы Июнь окуялары жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган эң кандуу барактардан болуп калды.
Тажикстан: согуштан кийинки туруктуулук
Тажикстан эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында чөлкөм тарыхындагы эң оор сыноолордун бирин башынан өткөрдү. Жарандык согуш. Бир нече жылга созулган коога өлкө үчүн чоң жоготууларга алып келди. Коомдо нааразылык жана кедейлик күчөдү.
Журналист Сарвар Усман бул мезгилди Тажикстандын тарыхындагы эң драмалуу жылдар катары мүнөздөйт.
"Драматизмге толгон жылдар болду. Трагедиялуу окуялар болду. Жарандык согуш беш жылга созулду. 1992 жылдын 97 жылга чейин уланды"
Ошондон кийинки мезгилде Тажикстан үчүн башкы милдет мамлекеттик туруктуулукту калыбына келтирүү болду.
"Кийин Бадахшанда да трагедиялуу окуялар болду. Жалпылап айтканда, Тажикстан ошол сыноолордон өттү. Драматизмге толо жылдар артта калды десек болот", - дейт Усман.

Сүрөттүн булагы, COURTESY
Түркмөнстан: өзүнчө модель
Түркмөнстан болсо чөлкөмдүн ичинде өзүнүн өзүнчө экономикалык жана саясий моделин калыптандырды. Ашхабад нейтралдуулук жолун тандап алды.
Бул өлкө газ байлыгы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы бештикке кирет.
Бирок ошол эле учурда Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири бойдон калууда.
Ким кайда жетти?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
35 жылдык көз карандысыздык жылдарында беш мамлекет экономикада кайда жетти? Бул суроого жооп берүү үчүн, эн оболу, өлкөлөрдүн экономикасынын көлөмүнө жана жан башына туура келген көрсөткүчтөрүн кароо керек.
Дүйнөлүк банктын 2025-жылдагы маалыматына караганда, жан башына туура келген ички дүң өнүм Казакстанда 14 жарым миң доллардан ашкан, Өзбекстанда 4 миң долларга жакын, ал эми Кыргызстанда 3 миң доллар тегереги болгон. Демек, бул жагынан Казакстан чөлкөмдө кыйла алдыда.
Түркмөнстан менен Тажикстан боюнча Дүйнөлүк банктын акыркы салыштырмалуу маалыматтары 2024-жылга таандык. Анда киши башына ички дүң өнүм Түркмөнстанда дээрлик 7 миң долларды, ал эми Тажикстанда 1 миң 300 доллардан бир аз жогоруну түзгөн.
Бул сандар эмнени билдирет? Демек, Казакстан менен Түркмөнстан ортодон жогору кирешелүү, ал эми Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан ортодон төмөн кирешелүү өлкөлөрдүн катарына кирет.
Руслан Акматбектин пикиринде, Борбор Азиядагы экономиканын басымдуу бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанга туура келет.
"Борбор Азиядагы экономиканын басымдуу бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанга туура келет. Калктын 70 пайызга жакыны дал ушул эки өлкөдө жашайт. Беш өлкөнүн ичинен Казакстан Батыш менен ийгиликтүү интеграциялашкан мамлекет. Ооба, ал Евразия экономикалык бирлигине да кирет, бирок ал бирикме түзүлгөнгө чейин эле өнөр жай потенциалын сактап, аны улантып кете алды. Ресурстарга бай болгондуктан, аябай көп инвестиция тарта алды. Азыр да эң көп сырткы инвестиция Казакстанга келет. Башкача айтканда, Казакстанды Борбордук Азиянын финансылык дарбазасы десе болот. Казакстан менен атаандашып келе жаткан өлкө Өзбекстан. Калкынын саны боюнча чоң базар болгон бул өлкө Каримов доорундагы изоляция саясатын өзгөртүп, дүйнөгө ачылды".
Ал эми Алишер Илхамовдун пикиринде, Борбор Азия мамлекеттери дүйнөлүк экономикага чыгуунун альтернативдүү жолдорун азырынча жетиштүү деңгээлде пайдалана албай жатышат.
"Бул мамлекеттердин баары тең азырынча дүйнөлүк экономикага чыгуунун альтернативдүү жолдорунан жетиштүү деңгээлде пайдалана албай жатышат. Бул, албетте, татаал кырдаал. Бирок кубанычтуусу, БорборАзия өлкөлөрү акыркы жылдары экономика жана дипломатия тармагында өз ара жакыныраак мамиле түзүү, кызматташтыкты чыңдоо багытында кадамдарды таштап жатышат".

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Сандарга жана отчетторго карасак, акыркы жылдары беш өлкөнүн тең экономикасында өсүш байкалууда. Бирок бул жерде дагы бир суроо туулат: Бул экономикалык өсүш адамдарга өз жеринде жетиштүү жумуш орундарын жана киреше бере алып жатабы?
Нукус шаарынын тургуну: "Киреше иштегениңе жараша болот. Негизгиси, өз мамлекетиңде иштесең жакшы"
Расмий түрдө экономикасы ылдам өсүп жаткан, энергияга бай Борбор Азия үчүн эгемендик жылдарында эмгек миграциясы көнүмүш көрүнүшкө айланды.
Бүгүн чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн миллиондогон жарандары чет өлкөлөрдө, негизинен Орусияда иштеп акча табууда. Алар жөнөткөн каражат үй-бүлөлөрү үчүн башкы киреше булагы болуп келет. Ал эми айрым өлкөлөрдө бул акчалар бүтүндөй экономиканын да олуттуу бөлүгүн түзөт.
2024-жылы Тажикстанга мигранттар жөнөткөн каражат өлкөнүн ички дүң өнүмдүн дээрлик жарымына барабар болду.
Кыргызстанда да мигранттардын акчасынын экономикадагы үлүшү чоң.
Өзбекстанда бул үлүш проценттик катышта салыштырмалуу төмөнүрөөк. Бирок өлкө калкы 40 миллионго жакындагандыктан, чет жакта иштеп жаткан өзбекстандыктар жөнөткөн каражаттын жалпы көлөмү чоң.
Миграциянын негизги себептеринин бири, өлкө ичинде айлыктардын төмөндүгү жана ал күнүмдүк муктаждыктарды жаба албаганы.
Нукус шаарынын тургуну: "Чет эл деген чет эл. Ал жакта укуктарың корголбойт. Ал жакта укугуңду коргой да албайсын. Анткени, мигрантсын"
Мамлекеттер өз жолун издеп жаткан кезде, бул чечимдердин таасирин эң оболу жөнөкөй адамдар сезишти. Эгемендик кимдир бирөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачса, кимдир бирөөгө оор сыноолорду алып келди. Кыргызстанда калк эгемендиктин өткөн 35 жылын кандай баалайт?
Бийлик кандай калыптанды?

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Борбор Азия мамлекеттеринин жолу экономикада гана эмес, саясатта да ар башкача калыптанды. Ошол эле учурда алардын жалпы окшоштуктары да бар.
Беш өлкөнүн тең саясий системасында президент институту негизги борбор бойдон калууда.
Кыргызстан белгилүү бир убакта парламенттик-президенттик башкарууга өттү. Бирок кийин кайрадан президенттик башкарууга кайтты.
Эгемендүүлүктүн 35 жылында бийликтин борборлошуусу, саясий атаандаштык жана отчеттуулук маселелери чөлкөмдө дайыма талаш жараткан темалардын бири болуп келе жатат.
Талдоочу Руслан Акматбектин пикиринде, беш мамлекеттин тең саясий системасында элиталардын ролу чоң бойдон калды.
"Беш мамлекет тең элиталардын барымтасында калды. Анткени элиталар өзгөргөн жок. Алар Советтер Союзу тарагандагы мотивди - бийликти сактап калуу, менчиктештирүү, ресурстарга ээлик кылуу аркылуу бийликти колдон чыгарбоого аракет кылышты. Бул трансформация Казакстанда 2019-жылга чейин, Өзбекстанда 2016-жылга чейин уланды. Кыргызстанда калк өз оокатын кылуу үчүн өкмөттү карап отурбастан аракет кылды жана бийликтин айрым иштерине макул болгон жок. Ал эми Тажикстанда калк жарандык согуштун кесепеттеринен улам "эмне болсо да тынччылык болсун" деп башкаруучуларга каршы чыккан жок".
Бийлик жана биринчи үй-бүлөлөр маселеси да чөлкөм өлкөлөрүндө коомчулуктун талкуусундагы башкы темалардан болуп келет.
Түркмөнстанда бийликтин атадан балага өтүшү, Өзбекстанда жана Тажикстанда президенттин балдарынын мамлекеттик башкаруудагы орду тууралуу талаштар бар.
Жакынкы тарыхта мурдагы президенттердин, Өзбекстанда Ислам Каримовдун, Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин, ал эми Кыргызстанда Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекеттик иштерге аралашуусу да көп талкууланган. Бул маселе бүгүн да актуалдуулугун жогото элек.
Адам укуктары, сөз эркиндиги, саясий атаандаштык жана ачык-айкындуулук маселесинде Борбордук Азия өлкөлөрү эл аралык уюмдар тарабынан дайыма сындалып келет.
Ал эми өкмөттөр өз кезегинде өлкөлөрдө жарандардын укуктары менен эркиндиктери мыйзам чегинде кепилденгенин белгилешет.

Руслан Акматбек бул маселеде жөнөкөй жарандардын укуктары жетиштүү деңгээлде бааланбай келгенин айтат.
"Бизде "ар бир адамдын укугу корголушу керек", "адамдын абийири жана кадыр-баркы кол тийгис" деген түшүнүктөр башкаруучулар үчүн гана колдонулуп келди. Жөнөкөй жарандын укугу жана кызыкчылыгы беш өлкөнүн биринде да эч качан биринчи орунга чыккан жок. Жөнөкөй жарандык укукту дөөлөт-баалуулук деңгээлине көтөрө албадык».
Айтор, бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрү, саясий системалары жана тышкы саясаттагы мүмкүнчүлүктөрү түрдүүчө бааланат.
Беш өлкө тең бүгүн ар башка чекитте. Алар ар кандай ылдамдыкта барат.
Бирок акыркы жылдары Борбор Азияда өз ара диалогду жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган демилгелер көбөйдү. Чек аралар, суу, энергетика, транспорт, соода жана коопсуздук маселелери аларды кайрадан бири-бирине жакындатууда.
Чөлкөм биригип жатабы? Бул жагдай эмнелерден көрүнөт жана келечекте кандай формага ээ болушу мүмкүн?























