Индия: чогулушка катышкан "ит"

Индия: чогулушка катышкан "ит"
Published

Индиянын Кхандва шаарындагы жергиликтүү саясатчы иттин кейпин кийген кишини чогулушка ээрчитип келди. Ал шаардагы жолбун иттер көйгөйүнө элдин көңүлүн бургусу келген.

Жолбун иттер Индиянын көптөгөн аймагында чоң маселеге айланган. Иттер адамдарга кол салган же жол кырсыктарына себеп болгон учурлар көп. Бийлик өкүлдөрү жолбун иттер маселеси чечилип жатканын айтууда.