You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ысык-Көл: мелдеш башталды, талкуу токтогон жок
Ысык-Көл: мелдеш башталды, талкуу токтогон жок
Published
1-августта Ысык-Көлдө Формула-1 H2O мелдешинин расмий ачылышы болду. Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын президенттери катышты.
"Жогорку деңгээлдеги дүйнө чемпионатын өткөрүү өлкөбүз үчүн чоң сыймык", - деди Садыр Жапаров.
1-августта квалификациялык мелдештер өттү, чемпионат 2-августта аяктайт. Мелдешке 13 өлкөдөн 18 спортчу катышууда.
Буга чейин айрым активисттер моторлуу кайыктар жарышы Ысык-Көлдүн экологиясына зыян келтириши мүмкүн деген кооптонуусун билдирген.